00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тазабек Икрамов Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоого чакырды. Видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Дипломат Азербайжанда элчилик бар экенин, бирок ал жерден Арменияны кароого мүмкүнчүлүк жоктугун айтты.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Россиядагы элчилигине Арменияны дагы кошуп берүүнү сунуштады.

Бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине ТИМ башчысынын орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда дипломатиялык өкүлчүлүк жок болгондуктан Москвадагы элчилик аркылуу кызматташуу демилгесин кароону сунуштады.

Жыйында комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов андан көрө Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоо туура болмоктугун билдирди.

"Негизи Россия чоң, элчиликтегилер өзүнө жетише албайт. Сиздер Азербайжан, Армения, Грузия кылып эле бул жакка кошсоңуздар болмок. Ал жакта биздин жарандар аз. Эмне үчүн бардыгын бириктирип бербей, өздөрү жетишпей, мигранттарыбызды камсыздай албай жаткан Россиядагы элчибизге Арменияны кошуп берип жатасыздар", — деп нааразы болду Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты
Анда Ниязалиев Азербайжанда элчилик бар экенин, бирок ал жерде жайгашып туруп Арменияны кароого мүмкүнчүлүк жоктугун айтты. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге байланыштуу Армения тарап буга уруксат бербесин эскертти. Андыктан алар Россияда туруп кызматташууну улантууга макул болушкан. Ал эми Грузияны Бакудагы элчилик тейлей турганын кошумчалады.

"Бул жерде, албетте, сөзсүз түрдө саясий көз карашын да эске алышыбыз керек. Анан кабыл ала турган мамлекеттин уруксатына жараша иш жүргүзөбүз", — деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, өткөн жылы сентябрь айында Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахты талашып согушкан. Эки тарап тең жоготууга учурап, миңдеген адам набыт болгон.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0