Иш моралдык жактан оор болгондуктан баары эле чыдай бербейт. Кызмат кимдер үчүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу билип келди.
Конвойлор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинде кызмат өтөйт.
Аталган департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобековдун айтымында, өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат.
![Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976225_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_288a4444b3bac23ba9e02b0d0ea9abea.jpg)
"Көбү 18-19 жаштагы анык мөөнөттөгү кызматкерлер. Аларды бир айлык карантинде окутуп, ок атканды үйрөтүп, уставдын беренелерин, мыйзамдарды жаттатып, даярдыктан өткөндөн кийин сынак тапшыртып кызматка дайындайбыз. Андан сырткары, офицер, прапорщиктер бар. Алардын жаш курагы 30-40тын тегерегинде. Офицердик курам толугу менен кызмат өтөөдө, бош орун деген бизде аз", — деди Кожобеков.
Департаментте иш таң атпай башталат. Аскерлер көнүгүү жасап, тамактанып, ишке даярдык көрүшөт. 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт.
Унаанын алды жагына айдоочу менен кароол башчы, арт жагына автоматчан күзөтчү менен кароол башчынын жардамчысы отурат. Алар бири-бири менен үн берүүчү аппарат аркылуу байланышта болушат.
![Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976669_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_d2aede7c2789bd60dc549532948fdb70.jpg)
![Унаада айыпталуучуну бир нече аскер кайтарып, коштоп барат Унаада айыпталуучуну бир нече аскер кайтарып, коштоп барат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976664_0:0:3073:2048_600x0_80_0_0_c5e461146635e682ac8290e35c6e0388.jpg)
![Кызмат өтөгөндөр жолдо ар кандай учурларга туш болобуз дейт Кызмат өтөгөндөр жолдо ар кандай учурларга туш болобуз дейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976676_0:0:3073:2048_600x0_80_0_0_00b1555313c4f5a39e0bb21c526434ad.jpg)
![Абакка түшкөндөрдүн айрымдары качууга аракет кылат экен Абакка түшкөндөрдүн айрымдары качууга аракет кылат экен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053977894_0:0:3072:2048_600x0_80_0_0_2c7ec590149b9e2c86b02be36b796e47.jpg)
![Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976688_0:0:3072:1930_600x0_80_0_0_b7dd2510d4112a936accb45ef2326880.jpg)
![Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976698_0:0:3072:1931_600x0_80_0_0_150c8cd0c3f384e6d559f8aa111d4335.jpg)
![Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053978008_0:117:3072:2047_600x0_80_0_0_8ad9f8a75e61f4a1ce64a2b251743507.jpg)
Конвой менен биздин тартуу топ дагы ЖАМКтын 21-мекемесине барды. Эл ичинде №1 тергөө деп айтылган жайга сырттагыларды дыкат текшерип киргизишет экен. Бул жактан конвойлор соттолуучуну Аскер прокуратурасына алып жөнөштү.
Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев жолдон ар кандай учурлар болуп кетерин жашырган жок.
![Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976219_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_79e7aef327b7ff89f2737695476e5050.jpg)
"Кол салган учурлар болгон. Эми курал менен кол салуу эмес, мушташуу ыкмалары болот. Качып кеткиси келгендер бар. Мисалы, бир жерим ооруп жатат деши мүмкүн. Бизди алаксытып, манёвр да. Анын бардыгын бизге окутат, үйрөтөт, ошонун бардыгын практика жүзүндө колдоно билебиз. Менин милдетим автоунаанын ичиндеги аскерлер менен айыпталуучулардын жана соттолуучулардын коопсуздугуна кам көрүү", — деди Султангазиев.
Автоунаа абактагыларды бир жерден экинчи жерге ташууда жолдон себепсиз токтобошу керек. Бул үчүн ЖАМК унааларга орноткон GPS-навигатор аркылуу байкоо жүргүзүп турат.
![Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976643_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_98db17875828d99e9013c37d92dc24d0.jpg)
Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт. Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө. Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган.
Ошондой эле абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Бул милдетти да ЖАМК департаментинин кызматкерлери аткарат. Алар өз аймагынан кылмышкерди качырбашы керек, зарыл учурда курал колдоно алат.
![Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/08/1053847279_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_531ab0be4783a91119e6eabcfef32b3b.jpg)
"Уставдын жана беренелердин негизинде жалгыз сакчы болуп турганда өз алдынча колдонууга (курал) укуктуу. Ал командирдин же жетекчинин буйругун күтпөйт", — дейт департаменттин жетекчисинин орун басары Муратбек Кожобеков.
Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат. Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев болочок аскерлерге кеңешин берди.
![Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976230_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_5fb03ba82be159f8ec4e4976861dc58f.jpg)
"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын департаментине кызмат өтөөгө военкоматтарда сынак өтө эле күчтүү. Себеби ал жактан кызмат өтөп кеткен аскер кызматкерлери башка күч түзүмдөрүнө такшалып барат. Жаңы келип жаткан аскер кызматкерлери үчүн кызмат оор эле болот . Ошого чыдап, эрктүү болушу керек. Эч нерседен тайманбагыдай болуп, жан дүйнөсүн даярдап келиши шарт. Баарына чыдайм, көтөрө билем деп. Ошондо, менимче, кызмат оңой жана жеңил өтөт", — деди Токтоналиев.
![Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/09/15/1053976658_0:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_9d2cbf8366548a403dfed3ebb659f684.jpg)
Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери Кыргызстан боюнча иштеп, облус жана шаар аралап айыпталуучуларды ташыйт. Ошондой эле Россия жана Казакстан сыяктуу келишим түзүлгөн мамлекеттерден соттолгондорду алып келет.