00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Адис: Кыргызстанда аңчылыкка таптакыр тыюу салуу зыян келтириши мүмкүн

© AFP / STEFAN HEUNISӨлтүрүлгөн малдын жанында турган аңчы. Архив
Өлтүрүлгөн малдын жанында турган аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, эгерде аңчылыкка толук мораторий киргизилсе, анда жаныбарларды эч ким коргобой калат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанда аңчылыкка таптакыр тыюу салуу маселесине өтө кылдат мамиле кылуу керек, анткени бул чара зыян келтириши мүмкүн. Мындай пикирди Илимдер академиясынын Биология институтунун бөлүм башчысы Аскар Давлетбаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековИлимдер академиясынын Биология институтунун бөлүм башчысы Аскар Давлетбаков
Адис: Кыргызстанда аңчылыкка таптакыр тыюу салуу зыян келтириши мүмкүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Илимдер академиясынын Биология институтунун бөлүм башчысы Аскар Давлетбаков

Ал Кыргызстанда мергенчилик сезон болгону үч айга созуларын, калган тогуз ай дээрлик тыюу салынарын белгиледи. Мындан сырткары, 2017-жылдан бери облустарда кезек-кезеги менен аң уулоого мораторий киргизилүүдө. Бирок бул канчалык натыйжалуу экени белгисиз, анткени тыюу салынгандан бери же ага чейин аймактарда жапайы жаныбарлардын саны эсептелген эмес.

"Дүйнөлүк практикада, мисалы, СССР учурунда тыюу салуу эч кандай пайда алып келген эмес. Мындай чара бүгүнкү күндө Афганистанда, Пакистанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда киргизилген. Бурама мүйүздүү эчкилерди атууга дээрлик 50 жылдан берки тыюу бар. Бирок ал эчкилердин саны кескин кыскарып кетти. Пакистанда эксперимент катары жергиликтүү эл мүйүздүү эчкини коргоого алып, аны ресурс катары пайдаланышкан. Жыл сайын анын 10 түрүнө квота берилген. Чогулган акча жергиликтүү коомчулукка жана мамлекетке түшөт. Жергиликтүү жамаат анын эсебинен ички маселелерин чечип, биотүрдүүлүктү коргоп келишет. Беш жылда бурама мүйүздүү эчки 10 эсеге көбөйүп, ошол кезде 500 болсо, азыркы күндө алардын саны 7-8 миңден ашты", — деген Давлетбеков.

Анын айтымында, жаныбарларды кайра жаралуучу ресурс катары да пайдаланса болот.

Замдиректора Нарынского природного заповедника Жолдошбек Кырбашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Нарын коругу Борбор Азияда биринчи болуп аюуга спутник каргы таккан. Кызыктуу маек
"Көпчүлүк каалап жаткан таптакыр тыюу салууну киргизүү кадамы натыйжа бербей калышы мүмкүн. Анткени мында коргоо маселеси аксайт. Мергенчинин жаныбарларды коргоого эч кандай кызыгуусу болбойт. Жаныбарларды коргоого алуу өтө кымбатка турат, буга мамлекеттин акчасы жетиштүү эмес. Ошондуктан бул маселеге дүйнөлүк практиканы эске алуу менен кылдат мамиле жасоо керек", — деген адис.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет тыюу салууну киргизүүдөн мурда ага талдоо жүргүзүү керектигин кошумчалады. Октябрь айында жаныбарлардын санына эсеп жүргүзүлүп, анан чечим кабыл алуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0