БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди.
![Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/17/1054007565_0:110:3082:2048_600x0_80_0_0_9f259793b076e42718f32807624bf4fd.jpg)
![Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/17/1054007662_0:110:3082:2048_600x0_80_0_0_730b0e5693b43dfaa83b42da82442f80.jpg)
![Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/17/1054007657_0:95:3082:2033_600x0_80_0_0_1131df21bc00e450361faa76b284b77b.jpg)
![Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан. Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/17/1054007559_0:54:3171:2047_600x0_80_0_0_d56cf7a795feb50925e889690f76fe19.jpg)
Белгилей кетсек, буга чейин Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жолугушуу тууралуу маалыматты жана сүрөттөрдү жарыялаган.
Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.
Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.
"Өз кезегинде Барадар Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Ал Афганистандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Афганистандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.
Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.