00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баасы дагы өсүүдө. Өтүмдүү автоунаалар тууралуу инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан бери популярдуу седан кузовундагы машиналардын баасы кандай өзгөргөнүнө көз салдык.

Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн машинанын ар бир үлгүсүнүн орточо баасы келтирилди.

Эң өтүмдүү автоунаалар:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • E-класстагы Mercedes-Benz;
  • 5-сериядагы BMW E60;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Hyundai Sonata;
  • Audi A6;
  • Toyota Corolla;
  • S-класстагы Mercedes-Benz.

Инфографикада чыккан жылы боюнча көп суроо-талапка ээ автокөлүктөрдүн орточо баасы көрсөтүлдү. Баарынан дагы Toyota Camry, S-класстагы Mercedes-Benz, Hyundai Sonata, Honda Accord жана 5-сериядагы BMW E60 унаалары көбүрөөк кымбаттаган.

Ошол эле учурда арзандаганы да бар, мисалы, 2001-2005-жылдары чыккан Toyota Corolla машинасынын наркы 1000-500 долларга төмөндөгөн. 2016-жылкы Toyota Camry дагы 500 долларга арзандаган. Эксперттер базардагы унаанын арзандап жатышы жалпы тенденциядан сырткары болушу мүмкүн деп эсептейт. Сатуучулар жана эксперттер машинанын баасы улам кымбаттай берет деген пикирде. Экономист Элдар Абакиров буга акчанын кунунун кетиши таасир этерин айтат.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Элдар Абакиров
Баасы дагы өсүүдө. Өтүмдүү автоунаалар тууралуу инфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Экономист Элдар Абакиров
"Элде накталай акча бар, бирок аны менен бай болуп кете албайсың. Болгону акча кунун жоготуп баратат. Мындай абал Америка же Россияда эле эмес, Кыргызстанда дагы жаралууда. Ушундан улам баары, анын ичинде машина дагы кымбаттап жатат", — деди эксперт.

Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев баалардын төмөндөшүнө үмүт артпай эле коюу керек деген пикирде.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековЧет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев
Баасы дагы өсүүдө. Өтүмдүү автоунаалар тууралуу инфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев
"Учурда дээрлик баары кымбаттап жатат, ал эми машина суроо-талап менен колдонулат. Мындай кырдаалда эч качан арзандабайт. Бул реалдуулук, жакшы машина алуу үчүн акча чогултуш керек", — деди ал.

"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков мындай жагдайга ири автоконцерндер тушуккан каатчылык түздөн-түз себепкер экенин белгилейт.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Жоомарт Ураимов"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков
Баасы дагы өсүүдө. Өтүмдүү автоунаалар тууралуу инфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков
"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блокторунун, тышкы электр жабдууларынын, жабдыктарды башкаруу панелинин, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда автонуаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы себеп болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0