https://sputnik.kg/20211004/35-mamlekettin-murdagy-prezidentterinin-ofshorgo-baylanyshtuu-chuusu-1054110967.html
Журналисттер бир катар өлкө лидерлеринин офшордук схемаларын таап чыкты
Журналисттер бир катар өлкө лидерлеринин офшордук схемаларын таап чыкты
Sputnik Кыргызстан
Иликтөөдө мурда мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул аткаминер туурасында айтылган. 04.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-04T12:21+0600
2021-10-04T12:21+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
саясат
офшор
президент
лидер
журналист
схема
пандора таржымалы
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054109671_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4cea3ababf16e1395ed03081a1d13a52.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) "Пандора таржымалы" деп аталган материал жарыялап, анда офшор схемасына тиешеси болушу мүмкүн болгон дүйнөлүк лидерлер тууралуу жазды.Офшордук компаниялар жана анын чыныгы бенефициарлары тууралуу чет-жакасы белгилүү болгон маалыматтан алынып, жасалган. Анда мындай "эң бай" тизме тарыхта биринчи ирет калкып чыкканы айтылууда. Бир жыл мурда анонимдүү маалымат булагынан ар кыл өлкөлөрдөгү 14 офшордук каттоочунун ички документтери ICIJ уюмунун колуна тийген.Бул иликтөөнүн авторлору аны финансылык жашыруун маалыматтардын бетин ачкан эң чоң эмгек экендигин айтты. ICIJ уюмунан материалдын ичинде 117 өлкөдөн 600дөн ашык репортаж бар экени белгиленди. Ал 11,9 миллион файлдан турат.Иликтөөдө мурда мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул аткаминер туурасында айтылган.Алардын арасында Украина президенти Владимир Зеленскийдин, Иордания падышасы Абдулла IIнин, Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин, Чехия премьер-министри Андрей Бабиштин, британиялык мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымдары бар.ICIJ жакынкы мезгилдерде изилдөөдөн дагы жаңы ысымдарды чыгара тургандыгын четке каккан жок.Ал 12 миллион документти окуп чыгууга туура келерин кошумчалаган. Бирок муну менен катар эле ICIJ иликтөөдө өтө белгилүү жаңы ысымдар да айтыларын, алардын ичинде дүйнө лидерлери жана бир катар мамлекеттердин жогорку кызматтагы аткаминерлери бар экендигин билдирген.2016-жылы консорциум Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын "Панама документтерин" коомго алып чыккан. Компания кагаздарды тааныбай турганын айтып, журналисттердин бул кадамын "кылмыш" деп баалаган.
https://sputnik.kg/20190719/belarus-kurmanbek-bakiev-ofshor-biznes-1045104854.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054109671_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_6c68a396fce4fba26aa1f9ff44c94510.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, саясат, офшор, президент, лидер, журналист, схема, пандора таржымалы
жаңылыктар, дүйнөдө, саясат, офшор, президент, лидер, журналист, схема, пандора таржымалы
Журналисттер бир катар өлкө лидерлеринин офшордук схемаларын таап чыкты
12:21 04.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Иликтөөдө мурда мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул аткаминер туурасында айтылган.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) "
Пандора таржымалы" деп аталган материал жарыялап, анда офшор схемасына тиешеси болушу мүмкүн болгон дүйнөлүк лидерлер тууралуу жазды.
Офшордук компаниялар жана анын чыныгы бенефициарлары тууралуу чет-жакасы белгилүү болгон маалыматтан алынып, жасалган. Анда мындай "эң бай" тизме тарыхта биринчи ирет калкып чыкканы айтылууда. Бир жыл мурда анонимдүү маалымат булагынан ар кыл өлкөлөрдөгү 14 офшордук каттоочунун ички документтери ICIJ уюмунун колуна тийген.
Бул иликтөөнүн авторлору аны финансылык жашыруун маалыматтардын бетин ачкан эң чоң эмгек экендигин айтты. ICIJ уюмунан материалдын ичинде 117 өлкөдөн 600дөн ашык репортаж бар экени белгиленди. Ал 11,9 миллион файлдан турат.
Иликтөөдө мурда мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул аткаминер туурасында айтылган.
Алардын арасында Украина президенти Владимир Зеленскийдин, Иордания падышасы Абдулла IIнин, Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин, Чехия премьер-министри Андрей Бабиштин, британиялык мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымдары бар.
ICIJ жакынкы мезгилдерде изилдөөдөн дагы жаңы ысымдарды чыгара тургандыгын четке каккан жок.
"Биз документтерди жарыялоону улантуу ниетиндебиз. Муну кийинки күндөрдө, айларда, ал тургай жылдарда да жасайбыз", — деген ICIJ өкүлү РИА Новости менен болгон маегинде.
Ал 12 миллион документти окуп чыгууга туура келерин кошумчалаган. Бирок муну менен катар эле ICIJ иликтөөдө өтө белгилүү жаңы ысымдар да айтыларын, алардын ичинде дүйнө лидерлери жана бир катар мамлекеттердин жогорку кызматтагы аткаминерлери бар экендигин билдирген.
"Бардыгы биз эмнени аныктаганыбызга жараша болот. Бизге бул 35 кишини (мамлекет башчыларын) таап чыгууга эки жыл кетти, кыязы, дагы бир нерселерди билип иликтеп чыгат окшойбуз, баарын жарыялайбыз", — деген ал.
2016-жылы консорциум Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын "Панама документтерин" коомго алып чыккан. Компания кагаздарды тааныбай турганын айтып, журналисттердин бул кадамын "кылмыш" деп баалаган.