https://sputnik.kg/20211005/bishkek-russian-film-festival-festivaly-1054118766.html
Россиянын жаңы тасмаларын чоң экрандан акысыз көрө аласыз. Фильмдер тизмеси
Россиянын жаңы тасмаларын чоң экрандан акысыз көрө аласыз. Фильмдер тизмеси
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Россияда акыркы эки жыл ичинде тартылган беш тасманы чоң экрандан акысыз көрө алат. Фильмдер 8-10-октябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында... 05.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-05T08:33+0600
2021-10-05T08:33+0600
2021-12-16T22:33+0600
кыргызстан менен россиянын эриш-аркак жылы
жаңылыктар
коом
кыргызстан
маданият
тасма
фестиваль
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054115594_0:126:3398:2048_1920x0_80_0_0_9071d520cb96e505e1e92777a5f01167.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында Бишкекте алгачкы ирет Russian Film Festival фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.Иш-чарада кыргызстандыктар Россияда акыркы эки жыл ичинде тартылган беш тасманы чоң экрандан акысыз көрө алат. Фильмдер 8-10-октябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында тартууланмакчы.Фестивалдын программасына төмөнкү тасмалар кирди:"Майор Гром. Чумной доктор" (режиссёру Олег Трофим, 2021-жыл). Санкт-петербургдук "идеалдуу полиция кызматкери" менен бет капчан адамдын тиреши тууралуу көркөм фильм. Ал Netflix платформасында июль айында эң көп көрүлгөн тасма болгон;"Конек-Горбунок" (режиссёру Олег Погодин, 2021-жыл). Петр Ершовдун ушундай эле аталыштагы жомогунун негизинде тартылган фантастикалуу тасма;"Родные" (режиссёру Илья Аксенов, 2021-жыл). Мезгилдин сыноосунан өткөн үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу фильм;"Пальма" (режиссёру Александр Домогаровдун кичүүсү, 2020-жыл). 1974-1976-жылдары Внуково аэропортунда болгон окуя тууралуу тасма. Анда Пальма аттуу ит башка өлкөгө учуп кеткен кожоюнун узак убакыт бою күтөт;"Китобой" (режиссёру Филипп Юрьев, 2020-жыл). Режиссёрдун дебюттук иши. Өспүрүм порнографиялык чаттагы кызды жакшы көрүп калып, аны табуу үчүн АКШга барууну чечет.Каалаган тасмага кирүү үчүн шилтемеге кирип катталуу керек.
https://sputnik.kg/20211003/akyrky-koch-tasmasy-kinoshok-1054104973.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054115594_65:0:3323:2048_1920x0_80_0_0_1a804efdafbdc6927445c8bc220aa9e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан менен россиянын эриш-аркак жылы, жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, тасма, фестиваль, россия
кыргызстан менен россиянын эриш-аркак жылы, жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, тасма, фестиваль, россия
Россиянын жаңы тасмаларын чоң экрандан акысыз көрө аласыз. Фильмдер тизмеси
08:33 05.10.2021 (Жаңыртылды: 22:33 16.12.2021) Кыргызстандыктар Россияда акыркы эки жыл ичинде тартылган беш тасманы чоң экрандан акысыз көрө алат. Фильмдер 8-10-октябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында тартууланмакчы.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында Бишкекте алгачкы ирет Russian Film Festival фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.
Иш-чарада кыргызстандыктар Россияда акыркы эки жыл ичинде тартылган беш тасманы чоң экрандан акысыз көрө алат. Фильмдер 8-10-октябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында тартууланмакчы.
Фестивалдын программасына төмөнкү тасмалар кирди:
"Майор Гром. Чумной доктор" (режиссёру Олег Трофим, 2021-жыл). Санкт-петербургдук "идеалдуу полиция кызматкери" менен бет капчан адамдын тиреши тууралуу көркөм фильм. Ал Netflix платформасында июль айында эң көп көрүлгөн тасма болгон;
3 Тогуздун айы 2021, 20:43
"Конек-Горбунок" (режиссёру Олег Погодин, 2021-жыл). Петр Ершовдун ушундай эле аталыштагы жомогунун негизинде тартылган фантастикалуу тасма;
"Родные" (режиссёру Илья Аксенов, 2021-жыл). Мезгилдин сыноосунан өткөн үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу фильм;
"Пальма" (режиссёру Александр Домогаровдун кичүүсү, 2020-жыл). 1974-1976-жылдары Внуково аэропортунда болгон окуя тууралуу тасма. Анда Пальма аттуу ит башка өлкөгө учуп кеткен кожоюнун узак убакыт бою күтөт;
"Китобой" (режиссёру Филипп Юрьев, 2020-жыл). Режиссёрдун дебюттук иши. Өспүрүм порнографиялык чаттагы кызды жакшы көрүп калып, аны табуу үчүн АКШга барууну чечет.
Каалаган тасмага кирүү үчүн
шилтемеге кирип катталуу керек.