Кыргызстандын парламенттик делегациясы Евразиялык аялдар форумуна катышат
20:12 12.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Александр Гальперин
/ Жазылуу
Форум 13-15-октябрь күндөрү Санкт-Петербургдагы Таврический сарайында "Аялдар: жаңы реалдуулуктагы чоң миссия" деген аталышта өтөт.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Үчүнчү Евразиялык аялдар форумуна парламенттердин жетекчилери — КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага бара тургандардын тизмеси:
- Аида Касымалиева — Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
- Валентина Матвиенко — КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын төрайымы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы;
- Зинаида Гречаный — Молдова парламентинин мурдагы төрайымы, учурдагы депутат жана КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын парламенттик делегациясынын мүчөсү;
- Наталья Кочанова — Беларустун Улуттук жыйынынын кеңешинин төрайымы;
- Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы;
- Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Межлисинин Сенатынын төрайымы;
- Дилрабо Мансури — Тажикстандын Намояндагон Межлисинин Оли Межлисинин төрагасынын орун басары.
III Евразиялык аялдар форуму 13-15-октябрь күндөрү Таврический сарайында — КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын башкы кеңсесинде өтөт. Форум "Аялдар: жаңы реалдуулуктагы чоң миссия" деген аталышта болот. Анын алкагында түрдүү жааттарда кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюу пландалууда.
Иш-чараны Россиянын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңеши жана КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясы уюштурууда.