Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич — өмүр баяны
23:04 13.10.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБекболотов Бактыбек Асанкалиевич
![Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0e/1054218257_645:430:2799:1641_1920x0_80_0_0_682f227583051a54ee18124e9ebda7a2.jpg)
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жазылуу
КР Куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору Бактыбек Бекболотов 1964-жылдын 15-октябрында Ысык-Көл облусунда туулган. 1989-жылы Ленинград жогорку артиллериялык училищесин аяктаган.
Аскердик кызматы:
- 1989–1992 — артиллериялык взводдун командири (СССР Коргоо министрлигинин аскерлеринин Батыш тайпасы);
- 1992–1999 — артиллериялык батареянын командиринен тарта аскер гарнизонунун командирине чейин;
- 2001–2007 — артиллерия бирикмесинин начальниги;
- 2007–2009 — ыкчам бөлүмдүн начальниги, КР Улуттук гвардиясынын кол башчысынын биринчи орун басары;
- 2012–2014 — КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун жетекчиси;
- 2014–2015 — Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын академиясында билим алып, Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор И. В. Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясынын 8-гвардиясынын командири болуп дайындалган;
- 2017 — КР Куралдуу күчтөрүнүн Жөө аскерлеринин командиринин биринчи орун басары. Кийин пенсияга чыккан.
- 2021-жылдын сентябрь айында коргоо министри болуп дайындалган.