Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
17:41 21.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосквадагы метронун вагондорун дезинфекциялоо. Архив
© Sputnik / Владимир Астапкович
/ Жазылуу
Буга чейин өкмөттүн сунушу менен Владимир Путин Россияда 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу болорун жарыялаган. Бул убакытта борбор калаага бир катар чектөөлөр кирет.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Москвада COVID-19 күчөп жатканына байланыштуу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин бир катар чектөөлөр киргизилет. Тиешелүү жарлыкка шаар мэри Сергей Собянин кол койгонун РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн сунушу менен президент Владимир Путин Россияда пандемиядан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу болорун жарыялаган.
28-октябрдан тарта Москвада киргизиле турчу чектөөлөр:
- Соода-сатык жана тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын иши токтотулат. Ошол эле учурда дарыкана, азык-түлүк жана биринчи керектөөдөгү товарларды саткан дүкөндөр иштейт, жеткирип берүү кызматы да ишин улантат. Кафе менен ресторандар да тамак ташып иштесе болот;
- Жарандык абалдын актыларын шашылыш түрдө каттоону эске албаганда "Менин документтерим" борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүү токтотулат;
- Мектеп менен бала бакчаларга каникул жарыяланат, ийримдер менен секциялар да иштебейт. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окуйт;
- Медициналык уюмдар планы боюнча иштей берет. Алгачкы кечиктирилгис медициналык жардам толугу менен аткарылат;
- Театр менен музейлерге QR-код менен кирүүгө болот. Келгендердин саны аз болуп, бет кап тагынышы керек;
- Массалык иш-чараларды мамлекеттик бийликтин чечими же Роспотребнадзордун шаардык администрациясы менен макулдашып өткөрүү керек.