https://sputnik.kg/20211024/biylik-kyrgyzstan-uch-shaar-eldin-sany-osuu-tynchsyzdanuu-1054337259.html
Бийлик үч шаарда элдин саны өсүп жатканына тынчсызданууда
Бийлик үч шаарда элдин саны өсүп жатканына тынчсызданууда
Sputnik Кыргызстан
Элдин санынын өсүшү социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна күч келтире турганы белгиленет. 24.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-24T11:27+0600
2021-10-24T11:27+0600
2021-12-15T22:59+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
калк
бийлик
программа
божомол
https://sputnik.kg/img/104541/00/1045410030_0:105:3067:1830_1920x0_80_0_0_693d0bdf687a13e4bae97695af568116.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тегерегиндеги калктын санынын өсүп жатканы боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу өлкөнүн 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасында айтылат.Калктын баш калаанын жана түштүктөгү эки шаардын айланасында көбөйүшү келечекте социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна күч келтире турганы белгиленген.Мындан тышкары, жыл сайын эмгекке жарамдуу жаштардын табигый агымынан улам жумушсуздук күчөп кетери белгиленди. 2030-жылга карата бул көрүнүш чегине жетери айтылат. Анда жылына болжол менен 350 миң адам эмгек рыногуна чыгат.Ошондой эле жакынкы келечекте пенсия курагындагы жарандардын үлүшүнүн туруктуу өсүшү байкалат, жыл сайын 20 миң адамдан кошулуп турат. Бул пенсиялык саясаттын жана саламаттык сактоо системасынын, социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүнүн алкагында эске алынууга тийиш.Жалпысынан программада белгиленгендей, бүткүл Борбордук Азияда демографиялык басым күч алат, бул миграциялык процесстердин динамикасын шарттайт.
https://sputnik.kg/20211019/biyliktin-besh-zhyldyk-progammasy-1054268909.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104541/00/1045410030_118:0:2847:2047_1920x0_80_0_0_84d88f6cef6a1b7c8cc9ef31d534ddcc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, калк, бийлик, программа, божомол
жаңылыктар, коом, кыргызстан, калк, бийлик, программа, божомол
Бийлик үч шаарда элдин саны өсүп жатканына тынчсызданууда
11:27 24.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) Элдин санынын өсүшү социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна күч келтире турганы белгиленет.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тегерегиндеги калктын санынын өсүп жатканы боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу өлкөнүн 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасында айтылат.
Калктын баш калаанын жана түштүктөгү эки шаардын айланасында көбөйүшү келечекте социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна күч келтире турганы белгиленген.
Мындан тышкары, жыл сайын эмгекке жарамдуу жаштардын табигый агымынан улам жумушсуздук күчөп кетери белгиленди. 2030-жылга карата бул көрүнүш чегине жетери айтылат. Анда жылына болжол менен 350 миң адам эмгек рыногуна чыгат.
19 Тогуздун айы 2021, 13:58
Ошондой эле жакынкы келечекте пенсия курагындагы жарандардын үлүшүнүн туруктуу өсүшү байкалат, жыл сайын 20 миң адамдан кошулуп турат. Бул пенсиялык саясаттын жана саламаттык сактоо системасынын, социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүнүн алкагында эске алынууга тийиш.
Жалпысынан программада белгиленгендей, бүткүл Борбордук Азияда демографиялык басым күч алат, бул миграциялык процесстердин динамикасын шарттайт.