https://sputnik.kg/20211025/rayonduk-miliciyanyn-bashchysy-kamaldy-1054348473.html
Көп балалуу аялды опузалоо: Октябрь райондук милициясынын башчысы камалды
Көп балалуу аялды опузалоо: Октябрь райондук милициясынын башчысы камалды
Sputnik Кыргызстан
Райондук милициянын жетекчиси бир катар кылмыштарга шектелүүдө. Аны менен кошо дагы эки кызматкер кармалган. 25.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-25T12:19+0600
2021-10-25T12:19+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
окуялар
октябрь району
камоо
тергөө абагы
сот
пара
опузалоо
https://sputnik.kg/img/101580/20/1015802016_0:71:2000:1196_1920x0_80_0_0_53959daaa6475b5aaa2f787639a7347b.jpg
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Уланбек Аалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти.Баш коргоо чарасы 22-октябрда тандалган. Ага ылайык, райондук милициянын башчысы 21-декабрь саат 23:14кө чейин камакта болот.Башкы прокуратура 21-октябрда Аалиев менен кошо райондук тергөө кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалганын билдирген. Алар А.Т. аттуу аялды камакка алуу шылтоосу менен моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүшкөн. Көп балалуу, жалгыз бой эне болгондугуна карабай себеби жок Ички иштер башкармалыгына чакыртып, опузалап ири өлчөмдө пара талап кылышкан деп айыпталган.Бул иш боюнча Жазык кодексинин 143-беренеси ("Кыйноолор"), 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Буга чейин Октябрь райондук милициясы А.Т. аттуу аял жарандарды 904 миң 750 долларга алдап кетүүгө шектелип жатканын билдирген.
https://sputnik.kg/20210907/bishkek-milicioner-para-aluu-ukmk-1053821379.html
октябрь району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101580/20/1015802016_110:0:1890:1335_1920x0_80_0_0_4e72d5eb5f652c8d3906d921dbd1698c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, октябрь району, камоо, тергөө абагы, сот, пара, опузалоо
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, октябрь району, камоо, тергөө абагы, сот, пара, опузалоо
Көп балалуу аялды опузалоо: Октябрь райондук милициясынын башчысы камалды
12:19 25.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Райондук милициянын жетекчиси бир катар кылмыштарга шектелүүдө. Аны менен кошо дагы эки кызматкер кармалган.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Уланбек Аалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Баш коргоо чарасы 22-октябрда тандалган. Ага ылайык, райондук милициянын башчысы 21-декабрь саат 23:14кө чейин камакта болот.
Башкы прокуратура 21-октябрда Аалиев менен кошо райондук тергөө кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы
кармалганын билдирген. Алар А.Т. аттуу аялды камакка алуу шылтоосу менен моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүшкөн. Көп балалуу, жалгыз бой эне болгондугуна карабай себеби жок Ички иштер башкармалыгына чакыртып, опузалап ири өлчөмдө пара талап кылышкан деп айыпталган.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 143-беренеси ("Кыйноолор"), 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Буга чейин Октябрь райондук милициясы А.Т. аттуу аял жарандарды 904 миң 750 долларга алдап кетүүгө
шектелип жатканын билдирген.