https://sputnik.kg/20211029/kalp-ajtkan-balany-zhazaloo-tuuraby-1054396557.html
Баланын калп айтып жатканын билген ата-эне эмне кылышы керек? Адистин сунушу
Баланын калп айтып жатканын билген ата-эне эмне кылышы керек? Адистин сунушу
Sputnik Кыргызстан
Психологдун айтымында, бала калп айтууну адатка айлантып алса, анда коркууга негиз бар. Ал эми тил укпаш үчүн айткан майда-чүйдө калпты көз жаздымда калтырса... 29.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-29T09:22+0600
2021-10-29T09:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
бала
ата-эне
тарбия
психология
калп айтуу
https://sputnik.kg/img/104833/89/1048338979_0:656:1280:1376_1920x0_80_0_0_86c81b7da7543b82120cd57f0490c27d.jpg
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бала калп айтып жатканын ата-энеси билип калган учурда эмне кылышы керек? Дегеле баланы калпы үчүн жазалоо туурабы? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын Сексология боюнча илимий коомчулугунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева айтып берди.Адистин пикиринде, калп айтуунун ар дайым эле зыяны эмес, пайдасы дагы тийген учурлар болот.Ал эми бала калп айтууну адатка айлантып алса, анда коркууга негиз бар.Мындай учурда чоңдор бала менен ачык сүйлөшүшү керек. Бирок урушуп, үстөмдүк көрсөтпөй, түшүндүрүү жолу менен баарлашуу керек. Анткени бала негизсиз жана көп калп айтуу эмне үчүн жаман экенин жакшылап түшүнүшү маанилүү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104833/89/1048338979_0:536:1280:1496_1920x0_80_0_0_48ae4943eb2d426ca34244c4e194e7bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, бала, ата-эне, тарбия, психология, калп айтуу
жаңылыктар, коом, бала, ата-эне, тарбия, психология, калп айтуу
Баланын калп айтып жатканын билген ата-эне эмне кылышы керек? Адистин сунушу
09:22 29.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Психологдун айтымында, бала калп айтууну адатка айлантып алса, анда коркууга негиз бар. Ал эми тил укпаш үчүн айткан майда-чүйдө калпты көз жаздымда калтырса болот.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бала калп айтып жатканын ата-энеси билип калган учурда эмне кылышы керек? Дегеле баланы калпы үчүн жазалоо туурабы? Бул тууралуу
РИА Новости агенттигине Россиянын Сексология боюнча илимий коомчулугунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева айтып берди.
Адистин пикиринде, калп айтуунун ар дайым эле зыяны эмес, пайдасы дагы тийген учурлар болот.
"Кайсы бир кырдаалдан чыгып кетүү үчүн же негативге жол бербөө максатында калп айткан жаман эмес. Бала эмне үчүн калп айтат? Ата-энеси жактырбаган, чектөө койгон нерселерди кылганда тил укпаш үчүн улууларды алдап койгусу келет. Балким, ата-эне уруксат бербеген нерсе баланын өсүп-өнүгүшү, дүйнө таанымы кеңейиши үчүн пайда алып келиши мүмкүн. Мындай калптан көп чочулабай деле койсо болот", — дейт Селезнева.
Ал эми бала калп айтууну адатка айлантып алса, анда коркууга негиз бар.
Мындай учурда чоңдор бала менен ачык сүйлөшүшү керек. Бирок урушуп, үстөмдүк көрсөтпөй, түшүндүрүү жолу менен баарлашуу керек. Анткени бала негизсиз жана көп калп айтуу эмне үчүн жаман экенин жакшылап түшүнүшү маанилүү.