Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич — өмүр баяны
02:41 03.11.2021 (Жаңыртылды: 15:39 26.01.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековМамасадыков Замирбек Дүйшалыевич
![Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1f/1060872123_0:61:3072:1789_1920x0_80_0_0_69b97ecb65d385da00d6f5c635f96e19.jpg)
Жазылуу
Замирбек Мамасадыков 1981-жылы 28-январда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Жалал-Абад коммерциялык институтунун Экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2003-2007 — "Азиз КД" көп тармактуу өндүрүштүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси;
2007-2008 — "Инэксимбанк" Жалал-Абад филиалынын кредиттик бөлүмүнүн эксперти;
2008-2013 — "БТА банктын" Шамалды-Сайдагы № 42 сактык кассасынын жетекчиси;
2013-2016 — Достук айылдык кеңешинин эки жолку депутаты;
2013-2021 — айыл өкмөт башчысы;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.