https://sputnik.kg/20211110/kazakstan-aymak-elektr-zharygy-maal-maaly-menen-ochuruulor-1054539993.html
Казакстандын айрым жерлеринде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө баштады
Казакстандын айрым жерлеринде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө баштады
Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Ордо аймагынын бийлиги эмне себептен үйлөрдөгү жарыкты маал-маалы менен өчүрө баштаганын түшүндүрдү. 10.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-10T11:26+0600
2021-11-10T11:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
азия
дүйнөдө
экономика
казакстан
өчүрүү
электр энергиясы
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0a/1054539236_0:0:3622:2048_1920x0_80_0_0_c35fde4e1063fe224e0f370390e4abdd.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда жана ушундай эле аталыштагы шаарында маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлө баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.Аймактын калкын жана социалдык-өндүрүштүк объектилерди толук камсыздоо үчүн электр энергиясы жетишсиз болуп жатканы айтылды. Мындан улам облус борборундагы калк жыш жайгашкан кичи райондордо суткасына бир жарым сааттан жарык өчүрүлүүдө.Жергиликтүү бийлик бул боюнча социалдык тармактар аркылуу калкка түшүндүрмө беришти.Эгер ТЭЦте газ жетиштүү болсо, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга болот.Облус сырттан көбүрөөк электр энергиясын сатып алып, борбордогу электр энергия маселесин чечсе боло турганы да белгиленди.
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0a/1054539236_168:0:3426:2048_1920x0_80_0_0_4bf60dc0e045a61b0eafc51820206797.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, азия, дүйнөдө, экономика, казакстан, өчүрүү, электр энергиясы
жаңылыктар, коом, азия, дүйнөдө, экономика, казакстан, өчүрүү, электр энергиясы
Казакстандын айрым жерлеринде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө баштады
11:26 10.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кызыл-Ордо аймагынын бийлиги эмне себептен үйлөрдөгү жарыкты маал-маалы менен өчүрө баштаганын түшүндүрдү.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда жана ушундай эле аталыштагы шаарында маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлө баштады. Бул тууралуу
Sputnik Казакстан жазды.
Аймактын калкын жана социалдык-өндүрүштүк объектилерди толук камсыздоо үчүн электр энергиясы жетишсиз болуп жатканы айтылды. Мындан улам облус борборундагы калк жыш жайгашкан кичи райондордо суткасына бир жарым сааттан жарык өчүрүлүүдө.
Жергиликтүү бийлик бул боюнча социалдык тармактар аркылуу калкка түшүндүрмө беришти.
"Облус электр энергиясынын 65 пайызын башка аймактардан алат. Алты пайызын облустун түштүгүндөгү өзүнүн электр станциясы бар күкүрт-кислота заводу камсыздайт, керектелүүчү электр энергиясынын белгилүү бир бөлүгү Кызыл-Ордо ТЭЦинде өндүрүлөт. Бирок ТЭЦ табигый газы менен иштейт, азыр газдын жетишсиздигинен улам ТЭЦте электр энергиясын өндүрүү бир топ кыскарды", — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.
Эгер ТЭЦте газ жетиштүү болсо, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга болот.
Облус сырттан көбүрөөк электр энергиясын сатып алып, борбордогу электр энергия маселесин чечсе боло турганы да белгиленди.