https://sputnik.kg/20211110/ukmk-kyrgyzstan-kerekt-500-dary-baa-arzandatuu-1054548465.html
УКМК: Кыргызстанда эң керектүү 500 дары-дармек арзандады
УКМК: Кыргызстанда эң керектүү 500 дары-дармек арзандады
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн дарыкана түйүндөрүндө 500дөн ашык дары-дармектин наркы мурдагы дүң жана чекене баасынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөдү. 10.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-10T18:16+0600
2021-11-10T18:16+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
дары-дармек
баалар
арзандоо
укмк
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0d/1053205096_0:0:3315:1875_1920x0_80_0_0_cf36a4260e095bf97650b6359a0875e7.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эл күндөлүк турмушунда көп колдонгон 500дөн ашык түрдөгү дарылардын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында биринчи этапта эң керектүү дары каражаттарынын тизмесине кирген ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармеги аныкталган.УКМК белгилегендей, азыркы тапта жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүгүнө баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө.Медикаменттердин бааларын жөнгө салуу министрлер кабинетинин "Дары-дармек каражаттарына болгон бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда фармакология чөйрөсүндө өзүнчө мафия бар экенин билдирген. Анын белгилешинче, бул мафиянын айынан Кыргызстанда дарылар 3-10 эсе кымбат турат.
https://sputnik.kg/20211018/dary-darmek-tashiev-keneshme-1054256395.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0d/1053205096_56:-1:3315:2048_1920x0_80_0_0_e035a36d6e363ada7c1a85c006b12a35.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, дары-дармек, баалар, арзандоо, укмк
жаңылыктар, коом, кыргызстан, дары-дармек, баалар, арзандоо, укмк
УКМК: Кыргызстанда эң керектүү 500 дары-дармек арзандады
18:16 10.11.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Өлкөнүн дарыкана түйүндөрүндө 500дөн ашык дары-дармектин наркы мурдагы дүң жана чекене баасынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөдү.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эл күндөлүк турмушунда көп колдонгон 500дөн ашык түрдөгү дарылардын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында биринчи этапта эң керектүү дары каражаттарынын тизмесине кирген ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармеги аныкталган.
"Бул медикаменттер эпидемиологиялык кырдаалда калк арасында чоң суроо-талапка ээ болгон. Бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө дүң жана чекене баалары мурунку баасынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК белгилегендей, азыркы тапта жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүгүнө баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө.
18 Тогуздун айы 2021, 10:35
Медикаменттердин бааларын жөнгө салуу министрлер кабинетинин "Дары-дармек каражаттарына болгон бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда фармакология чөйрөсүндө өзүнчө
мафия бар экенин билдирген. Анын белгилешинче, бул мафиянын айынан Кыргызстанда дарылар 3-10 эсе кымбат турат.