https://sputnik.kg/20211113/shakhmat-prezidenttin-kubogunan-video-1054585014.html
Кубанган, ызаланып ыйлаган балдар. Шахмат боюнча Президенттин кубогунан видео
Кубанган, ызаланып ыйлаган балдар. Шахмат боюнча Президенттин кубогунан видео
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында КР президентинин кубогу өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 6дан 14 жашка чейинки 350 шахматчы катышты. Алар жаш... 13.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-13T16:44+0600
2021-11-13T16:44+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
спорт
видео
мультимедиа
шахмат
кубок
балдар
жеңүүчү
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0d/1054585644_2:0:1847:1038_1920x0_80_0_0_d06f725a9677a6c252cc37b20e8ada0f.jpg
Турнирде жалпысынан алдыңкы үч орун үчүн 30 медаль ойнотулду. Финалдык беттештер бүгүн, 13-ноябрда, жыйынтыкталды.Борбор калаада жашаган Жибек Сагынбекова 8 жашка чейинки кыздар арасында 1-орунду алды. Ал ушуну менен Президенттин кубогун экинчи ирет утту, буга чейин эки жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Мындан сырткары, эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарга жетишкен.Шахматчынын апасы Жылдыз Боргемикова мурдагы жылы кызы шахмат боюнча Азия чемпионатына жолдомо алып, бирок пандемиянын айынан бара албай калганын айтты. Ушундай эле себеп менен былтыр дагы дүйнө чемпионатына барбай калышкан. Айтымында, ал жолдомолордун баары күйүп кетти, кайра башынан Кыргызстандын чемпионатына катышыш керек.Турнирдин башкы калысы Сардарбек Нурдин уулу бул жерге ар аймактан тандалган күчтүү шахматчылар келгенин билдирди.Аталган турнирди Кыргызстандын шахмат федерациясы уюштуруп, президенттин колдоосу менен өттү.
https://sputnik.kg/20211027/bishkek-innovaciyalyk-borbor-achyldy-1054382053.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0d/1054585644_232:0:1616:1038_1920x0_80_0_0_e5429764213156b2eb39dfae0e4dad3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, видео, мультимедиа, шахмат, кубок, балдар, жеңүүчү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, видео, мультимедиа, шахмат, кубок, балдар, жеңүүчү
Кубанган, ызаланып ыйлаган балдар. Шахмат боюнча Президенттин кубогунан видео
16:44 13.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында КР президентинин кубогу өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 6дан 14 жашка чейинки 350 шахматчы катышты. Алар жаш курагы боюнча 5 категорияга бөлүнүп, кыздар менен уул балдар өзүнчө таймашты.
Турнирде жалпысынан алдыңкы үч орун үчүн 30 медаль ойнотулду. Финалдык беттештер бүгүн, 13-ноябрда, жыйынтыкталды.
Борбор калаада жашаган Жибек Сагынбекова 8 жашка чейинки кыздар арасында 1-орунду алды. Ал ушуну менен Президенттин кубогун экинчи ирет утту, буга чейин эки жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Мындан сырткары, эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарга жетишкен.
"Финалдагы атаандашымды кыйынчылык менен жеңдим. Аягында ал мага "ат" (шахмат фигурасы — ред.) менен келди эле "пил" менен чаптым. Анан "ладья" менен чапты эле аны кайра мен чаап алдым. Ошондон кийин өзү "багындым" деди. Мен шахмат менен беш жашымдан тарта машыга баштагам. Мага үйдөн атам менен апам үйрөтөт", — деп айтып берди Жибек.
27 Тогуздун айы 2021, 20:07
Шахматчынын апасы Жылдыз Боргемикова мурдагы жылы кызы шахмат боюнча Азия чемпионатына жолдомо алып, бирок пандемиянын айынан бара албай калганын айтты. Ушундай эле себеп менен былтыр дагы дүйнө чемпионатына барбай калышкан. Айтымында, ал жолдомолордун баары күйүп кетти, кайра башынан Кыргызстандын чемпионатына катышыш керек.
Турнирдин башкы калысы Сардарбек Нурдин уулу бул жерге ар аймактан тандалган күчтүү шахматчылар келгенин билдирди.
"Регламент боюнча Президенттин кубогуна Кыргызстандын чемпионатында алдыңкы 10 орунду алгандар, окуучулар арасындагы өлкө чемпионатынан да 10-орунга чейин ээ болгондор, өз облусунан тандалып чыккан шахматчы балдар катыша алат. Бул абдан күчтүү турнир, биздин шахматчыларыбызга жакшы мотивация болот деп ойлойм. Өздөрүнүн оюндарынын сапатын жогорулатышат. Бул турнирди биздин балдар, ата-энелер абдан күтөт", — деди Сардарбек уулу.
Аталган турнирди Кыргызстандын шахмат федерациясы уюштуруп, президенттин колдоосу менен өттү.