Козубаев Алымжан Калыкович — өмүр баяны
02:49 15.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Бутун Кыргызстан" Алымжан Козубаев
© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"
Жазылуу
Алымжан Козубаев 1968-жылы 20-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. Жогорку билимдүү. ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1989-2017 — Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүндө ар кандай кызматтарды аркалаган (Ачык маалымат булактарда Бишкектин Октябрь РИИБинде инспектор, тергөөчү, ыкчам кызматкер, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары);
- 2014-2016 — ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы;
- 2017-2018 — Жогорку Кеңештин аппаратында "Республика - Ата-Журт" фракциясынын сектор башчысы;
- 2019-2020 — "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору.