Момбекова Айгүл Бийзаковна — өмүр баяны
06:04 15.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Бутун Кыргызстан" Айгуль Момбекова
© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"
Жазылуу
Айгүл Момбекова 1970-жылы 11-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
- 1988-1993 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1988-жыл, май-июль ― Жети-Өгүз райондук сотунда сот аткаруучу;
- 1993-2008 ― Сокулук районунун жана Чүй облусунун прокурорунун жардамчысы;
- 2008-2012 ― Башкы прокуратурада улук прокурор;
- 2012-2013 ― Талас облусунун прокурорунун жардамчысы;
- 2013-2014 ― Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын прокурору;
- 2014-2017 ― Ош облусунун Кара-Суу районунун прокурору;
- 2017-2018 ― Ош шаарынын прокурору;
- 2018-2019 ― Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын прокурорунун орун басары;
- 2019-2020 ― Ысык-Көл облустук прокуратурасында бөлүм башчы.