Ашыралиев Фархад Анаркулович — өмүр баяны
01:09 16.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Азаттык" Фархад Ашыралиев
© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"
Жазылуу
Ашыралиев Фархад Анаркулович 1975-жылдын 10-октябрында Талас облусунун Атай Огонбаев айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
- 2007-2013-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1994-1996 — "Беш-Таш" маданият үйүнүн жетекчиси;
- 1996-2006 — "Анаркул-Ата" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
- 2006-2007 — Козубекова атындагы орто мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары, дене тарбия сабагынын мугалими;
- 2008-2012 — Калба айылдык кеңешинин депутаты;
- 2012-2013 — Калба айылдык кеңешинин төрагасы;
- 2013-2017 — Калба айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2017-жылдан тарта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгында улук инспектор.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 4 уулдун атасы.