https://sputnik.kg/20211116/kyrgyzstan-rossiya-zhashtar-zholugushuu-moskva-1054616216.html
Кыргызстан менен Россиянын жаштарынын жолугушуусу Москвада өтөт
Кыргызстан менен Россиянын жаштарынын жолугушуусу Москвада өтөт
Sputnik Кыргызстан
Иш-чара жаш окумуштуулар, техникалык университеттердин өкүлдөрү жана билим берүү чөйрөсү үчүн аянтча болуп калмакчы. 16.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-16T15:41+0600
2021-11-16T15:41+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
россия
дүйнөдө
коом
москва
жаштар
окумуштуулар
билим берүү
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/103371/30/1033713017_0:632:6017:4016_1920x0_80_0_0_0f03c17736b0a73b1507792c445ca86e.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Москвада орус-кыргыз жаштары менен студенттердин жолугушуусу болот. Бул тууралуу Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы маалыматтык-аналитикалык борбору билдирди.Иш-чара 17-ноябрдан 20-ноябрга чейин Россиянын Технологиялык университетинин базасында онлайн жана офлайн режиминде өткөрүлөт. Ал Россиядагы Илим жана технология жылына арналат.Жолугушуу жаш окумуштуулардын, окутуучулардын, университеттин адистеринин, илимий уюмдардын кызматкерлеринин, жаштардын илимий жана билим берүү долбоорлорунун авторлорунун жана лидерлеринин ортосундагы диалог аянтчасы болуп калмакчы.18-ноябрда саат 10:00дө Россиянын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу ачылыш болору айтылды.Иш-чаранын илимий программасында "Академиялык чөйрө – жаштардын өнүгүү вектору" жана "Жаштар технологиялык бизнес-долбоорлору – стартаптар: тренддер жана келечек" аталышындагы темалар боюнча дискуссиялык аянтчалар болот.Мындан тышкары, кесипкөй окутуучулар өзүн-өзү тааныштыруу жана команда түзүү көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн тематикалык сессияларды өткөрүшөт.Тематикалык аянтчаларда Москва мамлекеттик университетинин, Россиянын Илимдер академиясынын, Россиядагы элдердин достугу университетинин жана башка окуу жайларынын өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын "Росатом", "Ростех" мамлекеттик корпорацияларынын өкүлдөрү спикер болмокчу.
https://sputnik.kg/20211016/rossiyalyk-mekendeshter-kongressi-1054248482.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103371/30/1033713017_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_ee0e6a68265fc67d1229d359956ee7dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, россия, дүйнөдө, коом, москва, жаштар, окумуштуулар, билим берүү, жолугушуу, иш-чара
жаңылыктар, кыргызстан, россия, дүйнөдө, коом, москва, жаштар, окумуштуулар, билим берүү, жолугушуу, иш-чара
Кыргызстан менен Россиянын жаштарынын жолугушуусу Москвада өтөт
15:41 16.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Иш-чара жаш окумуштуулар, техникалык университеттердин өкүлдөрү жана билим берүү чөйрөсү үчүн аянтча болуп калмакчы.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Москвада орус-кыргыз жаштары менен студенттердин жолугушуусу болот. Бул тууралуу Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы маалыматтык-аналитикалык борбору билдирди.
Иш-чара 17-ноябрдан 20-ноябрга чейин Россиянын Технологиялык университетинин базасында онлайн жана офлайн режиминде өткөрүлөт. Ал Россиядагы Илим жана технология жылына арналат.
Жолугушуу жаш окумуштуулардын, окутуучулардын, университеттин адистеринин, илимий уюмдардын кызматкерлеринин, жаштардын илимий жана билим берүү долбоорлорунун авторлорунун жана лидерлеринин ортосундагы диалог аянтчасы болуп калмакчы.
18-ноябрда саат 10:00дө Россиянын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу ачылыш болору айтылды.
16 Тогуздун айы 2021, 18:56
Иш-чаранын илимий программасында "Академиялык чөйрө – жаштардын өнүгүү вектору" жана "Жаштар технологиялык бизнес-долбоорлору – стартаптар: тренддер жана келечек" аталышындагы темалар боюнча дискуссиялык аянтчалар болот.
Мындан тышкары, кесипкөй окутуучулар өзүн-өзү тааныштыруу жана команда түзүү көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн тематикалык сессияларды өткөрүшөт.
Тематикалык аянтчаларда Москва мамлекеттик университетинин, Россиянын Илимдер академиясынын, Россиядагы элдердин достугу университетинин жана башка окуу жайларынын өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын "Росатом", "Ростех" мамлекеттик корпорацияларынын өкүлдөрү спикер болмокчу.