https://sputnik.kg/20211120/bayden-kashel-pokhodka-bolezni-1054666697.html
Байдендин дарыгери президенттин жөтөлү күчөп, басканы начарлаганын айтты
Байдендин дарыгери президенттин жөтөлү күчөп, басканы начарлаганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 20-ноябрда, Жо Байден 79 жашка чыкты. Ал АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент. Дарыгери ажонун ден соолугу жалпысынан жакшы экенин, иштей аларын... 20.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-20T13:13+0600
2021-11-20T13:13+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
жо байден
акш
дарыгер
ден соолук
текшерилүү
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/14/1054665302_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_15b766570fe94721e368a8d8c6358ace.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин жөтөлү күчөп, басканы начарлап, аритмиядан дарыланып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын дарыгери Кевин О'Коннор билдиргенин РИА Новости жазды.Ак үй жума күнү О'Коннордун меморандумун тараткан. Анда дарыгер медициналык кароодон кийин Байденди "78 жаштагы активдүү адам" деп айткан.Дарыгер президент былтыр ортопедиялык жаракат алганын айтып, бир жыл мурда бутун кокустатып алганын белгилеген. Байденге гастроскопия жана колоноскопия жасалган."Өлкө башчы аритмиядан, гиперлипидемиядан (канда майдын көбөйүп кетиши), сезондук аллергиядан дарыланып жатат. Бутун да дарылатууда. Ошондой эле жоон ичеги жана тери рагына текшерүүдөн өтүп, дарыгерлер анын тиштери менен көзүн текшеришти", — деп жазылат маалыматта.Белгилей кетсек, бүгүн Жо Байден 79 жашка чыкты. Ал АКШнын тарыхында эң улгайган президент.
https://sputnik.kg/20211111/putin-kara-deniz-aksh-nato-tynchsyzdanuu-1054565230.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/14/1054665302_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_048f435cac0ac6922739e73381581ea5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, жо байден, акш, дарыгер, ден соолук, текшерилүү
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, жо байден, акш, дарыгер, ден соолук, текшерилүү
Байдендин дарыгери президенттин жөтөлү күчөп, басканы начарлаганын айтты
13:13 20.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бүгүн, 20-ноябрда, Жо Байден 79 жашка чыкты. Ал АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент. Дарыгери ажонун ден соолугу жалпысынан жакшы экенин, иштей аларын айткан.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин жөтөлү күчөп, басканы начарлап, аритмиядан дарыланып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын дарыгери Кевин О'Коннор билдиргенин
РИА Новости жазды.
Ак үй жума күнү О'Коннордун меморандумун тараткан. Анда дарыгер медициналык кароодон кийин Байденди "78 жаштагы активдүү адам" деп айткан.
"Өз милдетин аткаруу үчүн президенттин ден соолугу жакшы. Соңку учурда тамагын көп тазалачу болду. Бул белгини көптөн бери байкап жүргөм, анысы бат-баттан кайталанып жатат. Белги тыкыр иликтөөнү талап кылат. Былтыркы жылга салыштырмалуу өлкө башчынын басканы да өзгөргөн", — деген ал.
Дарыгер президент былтыр ортопедиялык жаракат алганын айтып, бир жыл мурда бутун кокустатып алганын белгилеген. Байденге гастроскопия жана колоноскопия жасалган.
11 Жетинин айы 2021, 22:29
"Өлкө башчы аритмиядан, гиперлипидемиядан (канда майдын көбөйүп кетиши), сезондук аллергиядан дарыланып жатат. Бутун да дарылатууда. Ошондой эле жоон ичеги жана тери рагына текшерүүдөн өтүп, дарыгерлер анын тиштери менен көзүн текшеришти", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн Жо Байден 79 жашка чыкты. Ал АКШнын тарыхында эң улгайган президент.