https://sputnik.kg/20211122/shevchenkonun-kuyormandary-menen-zholukkan-videosu-1054694125.html
Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу
Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу
Sputnik Кыргызстан
UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Бишкектеги күйөрмандарына жолугуп, кызыктырган суроолорго жооп берип, ой-пикири менен бөлүштү. 22.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-22T22:20+0600
2021-11-22T22:20+0600
2021-12-16T14:00+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
спорт
видео
мультимедиа
валентина шевченко
бишкек
жолугушуу
күйөрман
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/16/1054695428_10:-1:1920:1080_1920x0_80_0_0_ce48bfde0b0056d69c278ee33b8d4afd.jpg
Кыргызстандык мушкер алгач ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйын курду. Ал Кыргызстанга келиши парламенттик шайлоого байланыштуу эмес экенин белгиледи. Буга аны коштоп жүргөндөрдүн арасында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири болгондуктан суроо жаралган. Шевченко спорт саясаттан тышкары болушу керек деп эсептейт.Мындан сырткары, Шевченко келечекте Кыргызстанда мушташ өнөрү боюнча академия ачуу ниети бар экенин билдирди.Маалымат жыйындан кийин ал жүздөгөн фанаттары менен жүз көрүштү. Алгач ага күйөрмандарынын бири чапан кийгизип, жоолук салдыКыргызстандык мушкер буга чейин бразилиялык Аманда Нунис менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган. Күйөрмандар алгач эле "аны менен кайра беттешесизби?" деп сурады.Ошондой эле ал эң чоң мотивацияны кыргызстандыктардан аларын белгилеп, өз элин кубантуу үчүн ар дайым жеңишке умтуларын айтып өттү."Менден көбү "Валентина, сага эмне мотивация берет? Эмнеге сен ушунча жылдан бери биринчи күнкүдөй машыгууну улантып келесиң?" деп сурашат. Мотивация — силерсиңер, силер берген энергия мен үчүн чоң мотивация. Себеби ушундай жолугушуулардан кийин ар бир беттешти жеңгим келет. Кыргызстанга, жалпы элибизге көбүрөөк кубаныч тартууласам дейм. Бул мен үчүн өтө маанилүү", — деди Шевченко.Мушкер бул ирет Кыргызстанда көбүрөөк убакыт жүрө турганын айтты. Ош, Жалал-Абад облустарына дагы барышы мүмкүн.
https://sputnik.kg/20211122/valentina-shevchenko-sadyr-zhaparovgo-meeleyin-belek-kyldy-1054692281.html
https://sputnik.kg/20211122/shevchenko-fiziev-bildiruu-ehmociyaga-aldyruu-1054691762.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/16/1054695428_202:-1:1920:1080_1920x0_80_0_0_070e5bb41e53e31e72dd040e553baf2d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, спорт, видео, мультимедиа, валентина шевченко, бишкек, жолугушуу, күйөрман, ufc, чемпион, валентина шевченконун кыргызстанга келиши
жаңылыктар, кыргызстан, коом, спорт, видео, мультимедиа, валентина шевченко, бишкек, жолугушуу, күйөрман, ufc, чемпион, валентина шевченконун кыргызстанга келиши
Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу
22:20 22.11.2021 (Жаңыртылды: 14:00 16.12.2021) UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Бишкектеги күйөрмандарына жолугуп, кызыктырган суроолорго жооп берип, ой-пикири менен бөлүштү.
Кыргызстандык мушкер алгач ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйын курду. Ал Кыргызстанга келиши парламенттик шайлоого байланыштуу эмес экенин белгиледи. Буга аны коштоп жүргөндөрдүн арасында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири болгондуктан суроо жаралган. Шевченко спорт саясаттан тышкары болушу керек деп эсептейт.
"Биздин өлкө аябай уникалдуу, ак көңүл эли, жакшы адамдары, ажайып жаратылышы бар. Ашканасы тууралуу айтпай эле коёюн, тамактарын аябай жакшы көрөм. Бишкек кеңейип калгандай сезилди. Көп жаңы имараттар, жаңы турак жайлар курулуптур. Бирок мага эң жага турган жери эски шаар, борбор ошол бойдон экен. Бул мурас мурда кандай болсо, ошол бойдон калышы керек деп ойлойм. Ошол эле учурда шаар тоого жакын таза аймактарга карай өсүшү идеалдуу көрүнүш", — деген мушкер кыз.
Мындан сырткары, Шевченко келечекте Кыргызстанда мушташ өнөрү боюнча академия ачуу ниети бар экенин билдирди.
22 Жетинин айы 2021, 18:24
Маалымат жыйындан кийин ал жүздөгөн фанаттары менен жүз көрүштү. Алгач ага күйөрмандарынын бири чапан кийгизип, жоолук салды
Кыргызстандык мушкер буга чейин бразилиялык Аманда Нунис менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган. Күйөрмандар алгач эле "аны менен кайра беттешесизби?" деп сурады.
"Аманда (Нунис) менен беттеш болушу керек деп ойлойм. Бирок ал менден качып жаткандай таасир калтырууда", — деп жооп берди Шевченко.
Ошондой эле ал эң чоң мотивацияны кыргызстандыктардан аларын белгилеп, өз элин кубантуу үчүн ар дайым жеңишке умтуларын айтып өттү.
22 Жетинин айы 2021, 18:00
"Менден көбү "Валентина, сага эмне мотивация берет? Эмнеге сен ушунча жылдан бери биринчи күнкүдөй машыгууну улантып келесиң?" деп сурашат. Мотивация — силерсиңер, силер берген энергия мен үчүн чоң мотивация. Себеби ушундай жолугушуулардан кийин ар бир беттешти жеңгим келет. Кыргызстанга, жалпы элибизге көбүрөөк кубаныч тартууласам дейм. Бул мен үчүн өтө маанилүү", — деди Шевченко.
Мушкер бул ирет Кыргызстанда көбүрөөк убакыт жүрө турганын айтты. Ош, Жалал-Абад облустарына дагы барышы мүмкүн.