https://sputnik.kg/20211122/zhash-ehnergetikterdi-dayarloogo-basym-zhasalat-1054685537.html
Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат
Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат
Sputnik Кыргызстан
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев өлкөдө энергетикалык тармакта 16 миңден ашык киши иштеп, алардын катарында тажрыйбалуу мыкты адистер көп... 22.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-22T12:22+0600
2021-11-22T12:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
кыргызстан
коом
тилек айталиев
энергетика
электр энергиясы
кадрлар
дин саясаты
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/16/1054685937_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_06c61c835e8cc7fef4a2b7d3abeb6eed.jpg
Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат
Sputnik Кыргызстан
Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат
Энергетика секторунда жаш адистерди даярдоого басым жасалып, аларга шарт түзүп берүү боюнча долбоор даярдалат. Мындай маалыматты Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен тыгыз иштешип, энергияны кайра жаратуу булактары боюнча студенттерге, жаш адистерге станциянын моделин коюу долбоору каралып жатат.Ошондой эле ал өлкөдөгү энергетикалык кризистен чыгууда тажрыйбалуу адистердин чечими абдан маанилүү экендигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/16/1054685937_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_80eecbee2f0451de69263843115fef62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, тилек айталиев, энергетика, электр энергиясы, кадрлар, дин саясаты
кыргызстан, коом, тилек айталиев, энергетика, электр энергиясы, кадрлар, дин саясаты
Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат
12:22 22.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев өлкөдө энергетикалык тармакта 16 миңден ашык киши иштеп, алардын катарында тажрыйбалуу мыкты адистер көп экендигин айтты.
Энергетика секторунда жаш адистерди даярдоого басым жасалып, аларга шарт түзүп берүү боюнча долбоор даярдалат. Мындай маалыматты Тилек Айталиев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен тыгыз иштешип, энергияны кайра жаратуу булактары боюнча студенттерге, жаш адистерге станциянын моделин коюу долбоору каралып жатат.
"Кыргызстанда жалпы энерготармакта инспектор, монтёрдон баштап жогорку квалификациялуу адистерди кошкондо 16 миңден ашык киши иштейт. Алардын катарында өз ишин билген мыкты адистер көп. Кадрдык потенциал бар. Биз Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Теориялык билимин практикада көрө ала тургандай мүмкүнчүлүктөрдүн боюнча иш алып баруудабыз. Азыркы заманбап техникалык жабдыктар менен иштөө боюнча да аларга жол көрсөтүүгө умтулабыз", — деди Айталиев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү энергетикалык кризистен чыгууда тажрыйбалуу адистердин чечими абдан маанилүү экендигин кошумчалады.