https://sputnik.kg/20211201/deputattar-bshkny-parlamentke-chakyryp-zhatat-1054816053.html
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
Sputnik Кыргызстан
Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева БШКны чакыруу маселесинин юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди. 01.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-01T12:09+0600
2021-12-01T12:09+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жогорку кеңеш
бшк
чакыруу
маалымат
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жогорку кеңешке шайлоо 2021
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051342217_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_ec5a71731d10999899db4af09d587b0b.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жана бардык мүчөлөрүн чакырып, маалымат угууну сунуштады.Эл өкүлү Наталия Никитенко добуштарды саноодо манипуляциялоо болгонун айтууда.Ал эми Шайлообек Атазов Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунда одоно мыйзам бузуулар болуп, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулганын белгиледи.Айнура Осмонова БШК менен кошо укук коргоо органдарын да чакырып, шайлоо боюнча отчёт беришин талап кылды.Мындай демилгени парламентарийлер Айбек Осмонов, Аманкул Токтомамбетов жана Акыл Кемелов да колдоду.Ошол эле учурда Тазабек Икрамов айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо таза өткөнүн айтты.Андан соң жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева аталган сунуштун юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди. Ал мындай жагдай шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялана электе басым катары кабылданбашы керектигин кошумчалады.Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн кезектеги жыйынын өткөрүүдө.
https://sputnik.kg/20211129/shayldabekova-myyzamsyzdykty-oozduktoogo-biyliktin-erki-zhetti-1054799010.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/04/1051342217_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_c8b36899411192a3187996170d1412fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңеш, бшк, чакыруу, маалымат, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңеш, бшк, чакыруу, маалымат, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
12:09 01.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева БШКны чакыруу маселесинин юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы
Нуржан Шайлдабекованы жана бардык мүчөлөрүн чакырып, маалымат угууну сунуштады.
Эл өкүлү Наталия Никитенко добуштарды саноодо манипуляциялоо болгонун айтууда.
Ал эми Шайлообек Атазов Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунда одоно мыйзам бузуулар болуп, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулганын белгиледи.
Айнура Осмонова БШК менен кошо укук коргоо органдарын да чакырып, шайлоо боюнча отчёт беришин талап кылды.
29 Жетинин айы 2021, 18:11
Мындай демилгени парламентарийлер
Айбек Осмонов, Аманкул Токтомамбетов жана Акыл Кемелов да колдоду.
Ошол эле учурда
Тазабек Икрамов айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо таза өткөнүн айтты.
Андан соң жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева аталган сунуштун юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди. Ал мындай жагдай шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялана электе басым катары кабылданбашы керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн кезектеги жыйынын өткөрүүдө.