00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары

© AP Photo / BTAИзвестная болгарская ясновидящая Ванга
Известная болгарская ясновидящая Ванга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Жазылуу
Sputnik редакциясы белгилүү астролог жана көзү ачыктардын келе жаткан 2022-жылга карата божомолдорун карап көрдү. Алардын ичинде чындыкка дал келүүлөр да, адамды жылмайткан фантастикалары да бар. Кандай болгон күндө да мындай "көзү ачыктык" дайыма кызыгуу жаратып келген
2022-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону баары беришет. Мындан көп жылдар илгери эле белгилүү экстрасенстер жана астрологдор жооп берүүгө аракет кылышкан.
Булардын ичинен эң эле белгилүүсү Нострадамус деген ат менен таанылган Мишель де Нотрдам 2022-жылга карата да өз божомолун айткан. Болгариялык "Факти" басылмасы анын бул айткандарын атайын изилдеп чыкканы маалым. Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер билгендерин латын, италия, грек жана эски француз тилдерин аралаштырып, атайын белгилер менен жазып кеткен. Анын бардыгы "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" аттуу китепте төрт муундуу уйкаштыктар (катрен) аркылуу берилет.
Графолог саясатчылардын кулк-мүнөзүн кол жазмасын карап айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2019
Графолог саясатчылардын кулк-мүнөзүн кол жазмасын карап айтып берди. Видео
Болгар басылмасынын маалыматы боюнча, Нострадамус 2022-жылы Түштүк жана Түндүк Корея биригип, натыйжада КЭДРдин азыркы лидери Ким Чен Ын тактан кулап, куугунтукка кабылганда Россиядан жардам сураарын айткан. Анын үй-бүлөсү Түндүк Кореяны 65 жылдан бери башкарып келет. Ким Чен Ын 2011-жылы 17-декабрда атасы өлгөндөн кийин тактыга отурган.
Мындан тышкары, келе жаткан жылы космоско учууга кенен мүмкүнчүлүктөр ачыларын жана көптөгөн өлкөлөр күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн билдирген.
Нострадамустун айткандарын андан ары карап отурсак, 2022-жылы АКШнын бийлиги өлкөнү мурункудай башкара албай, иш билгилиги төмөндөй турганын белгилейт. Бул анын саясий аренада алсыздашына алып келмекчи.
Көзү ачыктын Россия менен Украинанын мамилеси тууралуу айткандарына таянсак, ушул жылы бул эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине жол ача турган жылуу мамиле орнойт.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
АКШ дүйнөнү 2040-жылы куралдуу ири кагылышуулар күтүп турганын божомолдоодо
Ошондой эле жаратылыш ресурстарынын азайышынан улам айрым мамлекеттер ортосунда куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн. Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөр бомбалоодон жабыркай турганын боолгологон. Анын келечекке болгон айткандарында Кытай да айтылат. Бул өлкөнүн саясаты дүйнөлүк экономикалык тең салмактуулукту түзүүгө көбүрөөк багытталат жана юань жаңы дүйнөлүк валюта болуп калышы ыктымал.
Ал эми Италия каржылык көйгөйгө кептелип, андан улам өлкөдө жумушсуздук өсүп, Европанын кризистик аймагына айланары жазылган.

Космос туризми

Болжолдоого ылайык, келе жаткан жаңы жылда космоско саякаттоо мүмкүнчүлүгү кеңейет. Белгилей кетсек, америкалык SpaceX компаниясы ушул жылдын сентябрь айында тарыхта биринчи жолу бир да астронавты жок эле төрт туристти космоско учурду. Алар космосто үч күн болушту. 
​Муну менен катар 2022-жылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү электр энергиясына болгон баанын өсүшүн жана климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу максатында күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн Нострадамус да айткан.

Ванганын алдын ала айткандары

Белгилүү болгариялык көзү ачык Ванга 2022-жылы адамзаттын алдыга чоң кадам таштоосуна түрткү болуучу глобалдык ачылыш жасаларын айткан. Ал аны "күндөн да күчтүү энергия булагы" деп атайт. Аталган эл аралык басылманын билдирүүсүндө, кеп термоядролук изилдөөлөрдүн тегерегиндеги ойлоп табуу тууралуу болушу мүмкүн.
Кишилер тосмо куруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жакырлар азаят, эл таза суу ичет. Бийлик 5 жылда жашоону кантип өзгөртмөй болду
Анын айтымында, бул энергия булагы жерге Венера планетасынан келет. Анын келиши "жер акыры эс ала турган" мезгилге туура келери болжолдонгон. Эксперттер белгилегендей, анын бул болжолдоосу энергиянын табигый булагы жер бетинде акырындык менен түгөнүп, 2022-жыл бүткүл адамзат үчүн бурулуш чекит болорун билдирет.
Ванга эл колунда акчасы жок туруп укмуш бай болорун айткан. Божомол карта аркылуу банктык төлөм системасы жана криптовалюта тууралуу болушу мүмкүн. Ошондой эле чыгыштан келген балээ бүт дүйнөгө тарай турганы айтылып, анын аркасы менен көптөгөн адам каза болсо да, эл ага көнүп, кошо эле аралашып жашап калат деген. Муну эксперттер коронавирус пандемиясы менен байланыштырат. Көзү ачык Ванга дүйнө беш "эки" турган жылы коркунучтуу эпидемия менен кез келерин билдирген. Мында өткөн жылдын 22-февралынан 22 декабрына чейинки мезгил аралыгын көрсөтөт (22.02.2020 жана 22.12.2020). 

Дүйнөлүк саясат тууралуу айтсак

Белгилүү көзү ачык Россия батыш өлкөлөрү менен мамилесин үзүп, Кытай менен жакындашуусу мүмкүндүгүн билдирген. Россия өзүнө келген сыноону татыктуу жеңерин да кошумчалайт.
Муну менен катар белгилүү көзү ачык 2022-жылы эч кандай согуш жана жаратылыш кырсыктарын көрбөгөндүгүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0