00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:09
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыздар кошо гимн ырдап... Жуманазарова Велиеваны Москвада уткан видео

Жазылуу
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова россиялык атаандашы Ханум Велиевадан мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Беттеш "Гран-при Москва — АЛРОСА" кубогунун алкагында болду.
Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында Кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Биринчи эле бөлүктө Мээрим адегенде контрчабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.
Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.
Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
UWW уюму Жоламан Шаршенбековго акчалай сыйлык берди
Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.
Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген. Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.
Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган
Жаңылыктар түрмөгү
0