https://sputnik.kg/20211207/kyrgyzstan-futbolchu-ayzar-akmatov-bangladesh-karera-1054884499.html
Футболчу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду
Футболчу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду
Sputnik Кыргызстан
Футболчу улуттук команданын сабында ойноп, 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы оюнда дарбазачы болгон. 07.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-07T11:34+0600
2021-12-07T11:34+0600
2021-12-15T23:01+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
бангладеш
футбол
трансфер
айзар акматов
https://sputnik.kg/img/07e5/06/08/1052773306_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_c2e9adb4bc56cedb45bf93bfcbb41ffa.jpg
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын коргоочусу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду. Бул тууралуу оюнчунун мурдагы командасы, Бишкектин "Дордой" клубунун маалымат кызматы билдирди.23 жаштагы коргоочу Бангладештин "Шейх Руссел" клубуна өтөт.Акматов "Дордой" клубунун тарбиялануучусу болуп саналат. Ал команда менен 64 расмий беттеште ойноп, эки гол киргизген.Футболчу Кыргызстандын улуттук командасынын курамында 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттеште дарбазачы болгону менен да белгилүү. Оюн борборлоштурулган форматта Японияда өткөн. Анда команданын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип, беттешке чыгуусуна тыюу салынган. Ал матчта Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Токиодогу үч беттештин жыйынтыгы менен улуттук команда кийинки этапка чыга албай калган. Эми 2023-жылы өтүүчү Азия кубогу мелдешине жолдомо алуу үчүн таймашын улантат.Айзар Акматов "Шейх Русселде" 34-номерде ойнойт.Эске салсак, аталган клубда өткөн сезондо улуттук команданын дагы бир футболчусу, жарым коргоочу Бахтияр Дүйшөбеков ойногон.
https://sputnik.kg/20210823/kyrgyzstan-mirlan-murzaev-futbol-klub-1053644137.html
бангладеш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/08/1052773306_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_6ab80f1b52ffeea0874b34657b387c2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, бангладеш, футбол, трансфер, айзар акматов
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, бангладеш, футбол, трансфер, айзар акматов
Футболчу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду
11:34 07.12.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021) Футболчу улуттук команданын сабында ойноп, 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы оюнда дарбазачы болгон.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын коргоочусу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду. Бул тууралуу оюнчунун мурдагы командасы, Бишкектин "Дордой" клубунун маалымат кызматы билдирди.
23 жаштагы коргоочу Бангладештин "Шейх Руссел" клубуна өтөт.
Акматов "Дордой" клубунун тарбиялануучусу болуп саналат. Ал команда менен 64 расмий беттеште ойноп, эки гол киргизген.
Футболчу Кыргызстандын улуттук командасынын курамында 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттеште дарбазачы болгону менен да белгилүү. Оюн борборлоштурулган форматта Японияда өткөн. Анда команданын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип, беттешке чыгуусуна тыюу салынган. Ал матчта Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Токиодогу үч беттештин жыйынтыгы менен улуттук команда кийинки этапка чыга албай калган. Эми 2023-жылы өтүүчү Азия кубогу мелдешине жолдомо алуу үчүн таймашын улантат.
Айзар Акматов "Шейх Русселде" 34-номерде ойнойт.
Эске салсак, аталган клубда өткөн сезондо улуттук команданын дагы бир футболчусу, жарым коргоочу
Бахтияр Дүйшөбеков ойногон.