Акылбек Жапаровдун Нур-Султанга сапары. Кол коюлган документтер
16:02 08.12.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021)
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султанда иш сапары менен
![Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султанда иш сапары менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султанда иш сапары менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/08/1054902775_556:330:2417:1383_1920x0_80_0_0_03ded1c930c6154c5f6151fa261be608.jpg)
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Жазылуу
"Ак-Тилек" жана "Карасу" өткөрүү пунктуларынын аймагында соода-логистикалык комплексин түзүү пландалып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады
![Рабочий визит главы кабинета министров КР Акылбека Жапарова в Нур-Султан Рабочий визит главы кабинета министров КР Акылбека Жапарова в Нур-Султан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/08/1054902781_0:0:1598:987_1920x0_80_0_0_a6d76ccf2bcd37eda87bce3dcc815ffb.jpg)
Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алар:
- Кыргызстандын аймагында дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы ("Жол картасы");
- 2022-2024-жылдарга "Алматы — Бишкек" экономикалык коридорунун референс-лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
- Кыргызстандын министрлер кабинети жана Казакстандын өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим;
- "Ак-Тилек" жана "Карасу" өткөрүү пунктуларынын аймагында индустриялык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.
Эске салсак, Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барган.