https://sputnik.kg/20211209/sadyr-zhapaoov-korrupciya-kurosh-1054908860.html
Садыр Жапаров коррупция менен күрөш эмнеге натыйжа бербей жатканын түшүндүрдү
Садыр Жапаров коррупция менен күрөш эмнеге натыйжа бербей жатканын түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
Жапаров ушул тапта өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу иштери жүрүп... 09.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-09T10:11+0600
2021-12-09T10:11+0600
2021-12-15T23:01+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
садыр жапаров
коррупция
күрөш
кайрылуу
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0d/1052478408_0:0:2835:1595_1920x0_80_0_0_20d5954678e4b9a2b902ddd959f6d67e.jpg
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчы Кыргызстан эл аралык антикоррупциялык уюмдардын иш-чараларына активдүү катышып жатканын айтып, келечекте өлкөнү Европа кеңешинин Жемкордукка каршы күрөшкөн өлкөлөр тобуна киргизүү мүмкүнчүлүгү иликтенип жатканын белгилеген.Президент мыйзамда мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленбегендиктен, жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөш натыйжа бербей жатканына токтолгон."Башкы прокуратура "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек. Кийинки жылдын башында ушул жана башка долбоорлорду ишке ашыралы деген ниеттебиз. Биз өлкөдөгү коррупцияны жоюу саясатына маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү!" — деген Жапаров.Ал коррупция менен күрөшүү иш-аракети элдин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүп, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражатты сарамжалдуу сарптоого багытталарын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20211206/sadyr-zhaparov-mal-mulku-deklaraciya-1054875439.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0d/1052478408_143:0:2504:1771_1920x0_80_0_0_a1551ec45a00cef8e8077950144f868f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, коррупция, күрөш, кайрылуу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, коррупция, күрөш, кайрылуу
Садыр Жапаров коррупция менен күрөш эмнеге натыйжа бербей жатканын түшүндүрдү
10:11 09.12.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021) Жапаров ушул тапта өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу иштери жүрүп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы
Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Кыргызстан эл аралык антикоррупциялык уюмдардын иш-чараларына активдүү катышып жатканын айтып, келечекте өлкөнү Европа кеңешинин Жемкордукка каршы күрөшкөн өлкөлөр тобуна киргизүү мүмкүнчүлүгү иликтенип жатканын белгилеген.
"Ушул тапта республикабызда мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу иштери жүрүп, коррупцияга катышы барларды кызматтарга жолотпоо негизги багыт катары каралууда. Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдына коюлган тапшырманын негизинде азыр жаңы программалык документ иштелип жатат. Анда жүзөгө ашырыла турган тапшырмалар жана максаттар так белгилениши зарыл", — деп жазылат кайрылууда.
Президент мыйзамда мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленбегендиктен, жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөш натыйжа бербей жатканына токтолгон.
"Башкы прокуратура "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек. Кийинки жылдын башында ушул жана башка долбоорлорду ишке ашыралы деген ниеттебиз. Биз өлкөдөгү коррупцияны жоюу саясатына маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү!" — деген Жапаров.
Ал коррупция менен күрөшүү иш-аракети элдин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүп, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражатты сарамжалдуу сарптоого багытталарын кошумчалады.