https://sputnik.kg/20211210/ukmk-baldar-bangizat-kanal-anyktaldy-1054921626.html
УКМК чет мамлекетте туруп баңгизатты балдар аркылуу саткандарды аныктады
УКМК чет мамлекетте туруп баңгизатты балдар аркылуу саткандарды аныктады
Sputnik Кыргызстан
Балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда баңгизаттын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. 10.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-10T10:05+0600
2021-12-10T10:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
укмк
баңгизат
балдар
https://sputnik.kg/img/101549/80/1015498069_0:91:6016:3475_1920x0_80_0_0_b05826e7d4a2746d336ee2ed95271103.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жашы жете элек балдарды чет мамлекетте туруп синтетикалык баңгизат сатууга тартып жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Ага ылайык, чет мамлекеттердин биринде жүргөндөр Кыргызстандагы өспүрүм балдарга баңгизат таратууга чакыруу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн.Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.Бул каналдын тыштагы уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө турганы кошумчаланды.УКМК баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
https://sputnik.kg/20211015/zhalal-abad-bangizat-uch-kishi-kolgo-tushtu-1054240117.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101549/80/1015498069_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_c7a101ba58c27c357c76ad719809d2a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, укмк, баңгизат, балдар
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, укмк, баңгизат, балдар
УКМК чет мамлекетте туруп баңгизатты балдар аркылуу саткандарды аныктады
10:05 10.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда баңгизаттын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жашы жете элек балдарды чет мамлекетте туруп синтетикалык баңгизат сатууга тартып жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ага ылайык, чет мамлекеттердин биринде жүргөндөр Кыргызстандагы өспүрүм балдарга баңгизат таратууга чакыруу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн.
"Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда: парктарда, аянттарда, бак-дарактарда баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалоочулар электрондук капчык жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен катылган баңгизат тууралуу толук маалымат алышкан. Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна жана жашыруун жерлерди колдонгонуна карабастан УКМК кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачты", — деп жазылган маалыматта.
15 Тогуздун айы 2021, 20:31
Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.
Бул каналдын тыштагы уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө турганы кошумчаланды.
УКМК баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.