Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган лаборатория ачылды
21:48 11.12.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021)
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевГеологиялык үлгүлөрдү даярдоо лабораториясын ачуу салтанаты
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Жазылуу
Лаборатория геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзөт.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган сынамык лаборатория ачылды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү жана пробирдик анализ даярдоочу сынамык лаборатория ачылды
1/3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү жана пробирдик анализ даярдоочу сынамык лаборатория ачылды
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЛаборатория "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган. Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көзкарандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат.
2/3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Лаборатория "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган. Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көзкарандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАнын негизги иш багыттары - техникалык сыноо жана геохимиялык анализдер, үлгүлөрдү анализдөө жана металлургиялык сыноо
3/3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Анын негизги иш багыттары - техникалык сыноо жана геохимиялык анализдер, үлгүлөрдү анализдөө жана металлургиялык сыноо
1/3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү жана пробирдик анализ даярдоочу сынамык лаборатория ачылды
2/3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Лаборатория "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган. Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көзкарандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат.
3/3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Анын негизги иш багыттары - техникалык сыноо жана геохимиялык анализдер, үлгүлөрдү анализдөө жана металлургиялык сыноо
Лаборатория "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган. Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көз карандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат. Анын негизги иш багыттары - техникалык жана металлургиялык сыноолорду, геохимиялык анализдерди жүргүзүү.
Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, лабораториянын иши геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзүү менен өлкөдөгү өнөр жай борборунун бири – Кара-Балта шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошот.
Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле Финляндиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист катышты. Жапаров республика экономикасы өнүккөн жана алдыңкы билим берүү тутумуна ээ Финляндия менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.