https://sputnik.kg/20211213/prokuratura-miyzamsyz-menchikteshtiruu-bala-bakcha-mamleket-kaytaruu-1054955646.html
Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны мамлекетке кайтарды
Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны мамлекетке кайтарды
Sputnik Кыргызстан
Жалпы баасы 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакча жергиликтүү акционердик коом тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. 13.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-13T12:39+0600
2021-12-13T12:39+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
прокуратура
бала бакча
менчиктештирүү
мыйзам бузуулар
сузак району
жалал-абад
https://sputnik.kg/img/104847/95/1048479598_0:400:2888:2025_1920x0_80_0_0_b01a18fff452ea1506878bb0ae7b173e.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Мүлктү алуу райондук прокуратура тарабынан ишке ашырылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.Көзөмөл органынын текшерүү учурунда 28 жыл мурда мыйзамсыз иш болгону ачыкталган.Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толугу менен канааттандырылган.Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде кыймылсыз мүлк жер аянты менен бирге муниципалдык бийликтин карамагына өткөрүлдү.
https://sputnik.kg/20210514/prokuraturara-ysyk-koldogu-zherdi-mamleketke-kaytaryp-berdi-1052488756.html
сузак району
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104847/95/1048479598_85:0:2814:2047_1920x0_80_0_0_1f3eb9f18ef26e764d6be7a4eca348cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, прокуратура, бала бакча, менчиктештирүү, мыйзам бузуулар, сузак району, жалал-абад
жаңылыктар, коом, кыргызстан, прокуратура, бала бакча, менчиктештирүү, мыйзам бузуулар, сузак району, жалал-абад
Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны мамлекетке кайтарды
12:39 13.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жалпы баасы 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакча жергиликтүү акционердик коом тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Мүлктү алуу райондук прокуратура тарабынан ишке ашырылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органынын текшерүү учурунда 28 жыл мурда мыйзамсыз иш болгону ачыкталган.
"Эки кабаттуу имарат 0,42 гектар жер тилкеси менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде "Ж.Ш." акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толугу менен канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде кыймылсыз мүлк жер аянты менен бирге муниципалдык бийликтин карамагына өткөрүлдү.