00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык ишкерлер ЕЭК төрагасына жүк ташуудагы көйгөйлөрүн айтышты

© Фото / пресс-служба Ассоциации АПК Бүгүн Кыргызстандын бизнес-коомчулугу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелери тууралуу айтышты
 Бүгүн Кыргызстандын бизнес-коомчулугу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелери тууралуу айтышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Фитосанитардык күбөлүктөр жана лабораториялык протоколдордун Россия менен Казакстанда таанылбай жатканы орчундуу маселеге айланганы белгиленди.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын бизнес-коомчулугу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелери тууралуу айтышты. Бул туурасында Агроөнөр жай комплекси ассоциациясы билдирди.
Ассоциациянын аткаруучу директору Рустам Балтабаев ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн чек араларындагы текшерүүлөр көйгөй жаратып жатканын белгилеген. Ошондой эле ал ЕЭК коллегиясы жүк ташуучу транспорттор үчүн чек арада коюлуп жаткан кошумча талаптарга көңүл бурушун суранган.
"Кыргыз жүк ташуучулары транспорттун ичине бир адам өтө турган жол калтырууга аргасыз болууда. Мындай талап ишканаларды логистика үчүн кошумча чыгымга кептейт. Себеби транспорттун ичине бош орун калтырганда азыраак жүк батып калат", — деп айткан Балтабаев.
Мындан сырткары, кыргызстандык ишканалардын фитосанитардык күбөлүктөрүн жана лабораториялык изилдөөнүн протоколдорунун Россия менен Казакстандын чек араларында таанылбай жатканы орчундуу маселеге айланганы белгиленген. Мунун айынан аталган документтерди барган жеринен дагы алууга туура келип жатат.
"Дагы бир маанилүү маселе, ЕАЭБдин мейкиндигиндеги товар катары тышкы экономикалык ишмердүүлүк товардык номенклатуранын жаңы коддору киргизилбей жатканында болууда. Буга мисал катары чегиртке унун айтсак болот. Буга чейин чегиртке унуна товардык код коюуну сураганбыз", — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрага болгонуна байланыштуу ЕЭК жетекчилиги Бишкекке иш сапары менен 16-декабрда келген.
Кыргызстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун төрагасы Данил Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Ишкер Ибраев: ЕАЭБдеги бизнес үчүн тоскоолдуктарды ачык диалог гана чече алат
Жаңылыктар түрмөгү
0