https://sputnik.kg/20211217/ysyk-kol-maj-kuyuu-zhajy-karaktoo-shektuu-1060451802.html
Көлдө май куюу жайынан каракталган 1000 сом: үчүнчү шектүү кармалды
Көлдө май куюу жайынан каракталган 1000 сом: үчүнчү шектүү кармалды
Sputnik Кыргызстан
14-декабрга караган түнү Саруу айылында белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайын карактаган. Алардын экөө кармалып, бири качып жүргөн. 17.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-17T11:49+0600
2021-12-17T11:49+0600
2021-12-17T11:50+0600
кыргызстан
окуялар
ысык-көл
милиция
май куюучу бекет
шектүү
карактоо
https://sputnik.kg/img/104660/05/1046600530_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_8226cb4e1f53e39a8aadaf10ffafd0bc.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө ок атуучу курал менен май куюучу жайдан акча карактады делген үчүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.Эске салсак, 14-декабрга караган түнү Саруу айылында белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайын карактаган. Көп өтпөй шектүү катары 28 жана 16 жаштагы эки жаран кармалган. Факты райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.Ошондой эле ал каракчылык жана кол салуу беренелери боюнча райондук милиция тарабынан мурдатан бери изделип жатканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20211216/iim-ichki-askerler-finansy-kylmysh-shektuu-karmaldy-1060297723.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104660/05/1046600530_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_add77b10775739d9b899a9f3530f519c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, ысык-көл, милиция, май куюучу бекет, шектүү, карактоо
кыргызстан, окуялар, ысык-көл, милиция, май куюучу бекет, шектүү, карактоо
Көлдө май куюу жайынан каракталган 1000 сом: үчүнчү шектүү кармалды
11:49 17.12.2021 (Жаңыртылды: 11:50 17.12.2021) 14-декабрга караган түнү Саруу айылында белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайын карактаган. Алардын экөө кармалып, бири качып жүргөн.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө ок атуучу курал менен май куюучу жайдан акча карактады делген үчүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 14-декабрга караган түнү Саруу айылында белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп,
май куюучу жайын карактаган. Көп өтпөй шектүү катары 28 жана 16 жаштагы эки жаран кармалган. Факты райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Издөө иштеринин жыйынтыгында Жети-Өгүз райондук милициясы үчүнчү шектүү, Дархан айылынын 26 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайсы жакта жашынып жүргөнүн аныктаган. 16-декабрь күнү ал Бишкектен кармалып, Жети-Өгүз райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ал каракчылык жана кол салуу беренелери боюнча райондук милиция тарабынан мурдатан бери изделип жатканы кошумчаланды.
16 Бештин айы 2021, 17:15