00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров: 6-чакырылыш Кыргызстанды деңизге чөгүп кетүүдөн сактап калды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Жазылуу
Жапаров бул чакырылыш былтыр туруктуулукту, укуктук талааны сактап калууда аткарган ролу абдан чоң болгонун айтты.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. VI чакырылыштын депутаттары милдетин ашыгы менен аткарып тарыхый парламент аталып калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал бүгүн Жогорку Кеңешке келип, мөөнөтү бүтүп кетип жаткан депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, алардын жасаган иштерине баа берди.
"Урматтуу менин асыл кесиптештерим, сиздер менен акыркы эки айга чейин алты жыл бирге ушул залда ысыгына күйүп, суугуна тоңуп иштедик. Президенттин, министрлер кабинетинин атынан сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич "ЖКнын 6-чакырылышы тарыхый парламент болду" деген жогорку баасын берген. Мен да ошол сөзгө толук кошулам жана кубаттайм. 6-чакырылыш бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө өбөлгө болду", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстандын тарыхында 5-чакырылыш гана Конституциялык мөөнөтүн так аткарганын, калгандары мөөнөтүнөн мурда тарап кетип турганын белгиледи. Ал эми 6-чакырылыш бир жылга ашыгы менен иштегенине токтолду.
"Дегеле Жогорку Кеңеш боюнча менин ойлорум абдан бийик. Улуттун башкы калысы парламент деп билемин. Бул чакырылыш өз милдетин ашыгы менен аткарды деп таанууга болот. Эң башкысы 6-чакырылыш өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн туруктуулукту, мамлекеттик башкарууда укуктук талааны сактап калууда аткарган ролу абдан чоң болду деп баалайм. Былтыр биздин чакырылыш 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөрдүн астында жаралган толкундан, мамлекетибиз бараткан кайыктын чайпалып, түбү жок деңизге чөгүп кетишинен Кыргызстаныбызды сактап калды", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Соңунда ал депутаттардын колдоосун ар дайым күтөрүн айтып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук каалады. Аны менен катар "бетегеге бел бололу, беги бар бекем эл бололу" деп жаңы Кыргызстанды курууга бел байлаганын айтып өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Кеткенден кийин да Ак үйгө түз кирип-чыга берели. Депутат Ибраевдин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0