https://sputnik.kg/20211223/rossiya-kytay-birgeleshken-ish-kural-1060676267.html
Путин: Россия, Кытай биргеликте жогорку технологиялуу курал ойлоп чыгууда
Путин: Россия, Кытай биргеликте жогорку технологиялуу курал ойлоп чыгууда
Sputnik Кыргызстан
Россия лидеринин айтымында, Кытай менен кызматташуу дээрлик бардык тармакта жүрүп жатат. 23.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-23T17:28+0600
2021-12-23T17:28+0600
2021-12-23T18:05+0600
владимир путин
кытай
си цзиньпин
кызматташуу
россия
саясат
дүйнөдө
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/17/1060674796_0:112:3245:1937_1920x0_80_0_0_5490a5a46d20e475883d729616cbc351.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия менен Кытай биргелешип жогорку технологиялуу куралдын кээ бир түрлөрүн иштеп чыгып жаткандыгын Россия президенти Владимир Путин жыл сайын өткөрчү маалымат жыйында билдирди.Анын айтымына караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өз ара ишенимди жараткан достук мамиледе бул нерсе аларга иштиктүү мамиле түзүүгө көмөкчү болот. Россия лидери кызматташуу бардык тармакта жүрүп жаткандыгын белгиледи.Ал эки өлкө 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна чыгууга ниет кылып жаткандыгын, бирок Россия мындан ары да Кытайга энергоресурстарды берүүнү улантарын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20211126/rossiya-menen-kytajdyn-askerij-kyzmattashtygy-1054740885.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/17/1060674796_256:0:2987:2048_1920x0_80_0_0_b55a0830e5b757cf1e5c538ba8828ebd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
владимир путин, кытай, си цзиньпин, кызматташуу, россия, саясат, дүйнөдө
владимир путин, кытай, си цзиньпин, кызматташуу, россия, саясат, дүйнөдө
Путин: Россия, Кытай биргеликте жогорку технологиялуу курал ойлоп чыгууда
17:28 23.12.2021 (Жаңыртылды: 18:05 23.12.2021) Россия лидеринин айтымында, Кытай менен кызматташуу дээрлик бардык тармакта жүрүп жатат.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия менен Кытай биргелешип жогорку технологиялуу куралдын кээ бир түрлөрүн иштеп чыгып жаткандыгын Россия президенти Владимир Путин жыл сайын өткөрчү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өз ара ишенимди жараткан достук мамиледе бул нерсе аларга иштиктүү мамиле түзүүгө көмөкчү болот. Россия лидери кызматташуу бардык тармакта жүрүп жаткандыгын белгиледи.
"Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен бири-бирибизди дос деп атап, дос деп кайрылабыз. Жеке мамилебиз да өз ара өтө ишенимдүү нукта өнүгүп, ал иштиктүү мамиле түзүүгө жакшы жардам берет. Биз коопсуздук жаатында кызматташабыз, кытай армиясы эң алдыңкы катардагы системалуу курал менен жабдылган. Куралдануунун жогорку технологиялуу түрлөрүн биргеликте иштеп чыгып жатабыз. Космос, авиация, атомдук энергия тармагында кызматташуудабыз. Куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүп, машыгууларды өткөрүп, эл аралык оюндарды уюштуруп, абада жана деңизде кайгуул жүргүзүп келебиз. Мунун баарын өнөктөштүк деп билсе болот, эки өлкөгө тең пайда алып келген иштер жасалууда. Бул эл аралык аренадагы турукташтыра турган фактор", — деди Путин.
Ал эки өлкө 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна чыгууга ниет кылып жаткандыгын, бирок Россия мындан ары да Кытайга энергоресурстарды берүүнү улантарын кошумчалады.
26 Жетинин айы 2021, 11:37