https://sputnik.kg/20211224/krimtobol-kadyr-dosono-bogot-charasy-1060695648.html
Кримтөбөл "Женго" камактан бошотулду
Кримтөбөл "Женго" камактан бошотулду
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Facebook баракчасы аркылуу Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген. 24.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-24T12:40+0600
2021-12-24T12:40+0600
2021-12-24T12:40+0600
сот
кадыр досонов
үй камагы
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0b/1051416461_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_1ed8720d242bb1513c4a29317b97719d.jpg
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.Ушул жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 207-беренесинин ("Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу") 3-бөлүгү, 215-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") 3-бөлүгү боюнча шектелген Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктаган. Ал эми 15-декабрда иш Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган.17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу соттук териштирүү башталганга чейин алдын ала угуу боюнча айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Өтүнүч 23-декабрда каралып, канааттандырылган.Жазык-процесстик кодекстин 166-беренесинин талабына ылайык, айыпталуучу Досоновго карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы 2022-жылдын 15-февралына чейин тандалып, сот залынан бошотулган.Буга чейин жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Facebook баракчасы аркылуу Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген.Ал эми 10-февралда УКМКнын маалымат кызматы "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновго байланышкан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.Расмий маалымат боюнча, Ош шаарындагы текшерүү иштеринин алкагында Досонов жашынып жаткан үйдү табышкан. Ал үйдөн жеке каражаттары, буюмдары, ошондой эле уюлдук телефону табылган. Мындан тышкары, тыюу салынган заттар, анын ичинен баңгизат чыккан.Мындан улам Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана колго түшүрүү үчүн УКМК менен ИИМ тарабынан "Перехват" планы жарыяланган болчу.Ал эми 11-февралда Досонов кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.
https://sputnik.kg/20211222/almazbek-atambaev-zhogorku-sot-karoo-zhyldy-1060638256.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0b/1051416461_169:0:1609:1080_1920x0_80_0_0_2140506190299447f2aac706b41c2206.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
сот, кадыр досонов, үй камагы
сот, кадыр досонов, үй камагы
Кримтөбөл "Женго" камактан бошотулду
Буга чейин жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Facebook баракчасы аркылуу Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ушул жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 207-беренесинин ("Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу") 3-бөлүгү, 215-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") 3-бөлүгү боюнча шектелген Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктаган. Ал эми 15-декабрда иш Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган.
17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу соттук териштирүү башталганга чейин алдын ала угуу боюнча айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Өтүнүч 23-декабрда каралып, канааттандырылган.
Жазык-процесстик кодекстин 166-беренесинин талабына ылайык, айыпталуучу Досоновго карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы 2022-жылдын 15-февралына чейин тандалып, сот залынан бошотулган.
Буга чейин жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Facebook баракчасы аркылуу Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген.
Ал эми 10-февралда УКМКнын маалымат кызматы "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновго байланышкан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.
Расмий маалымат боюнча, Ош шаарындагы текшерүү иштеринин алкагында Досонов жашынып жаткан үйдү табышкан. Ал үйдөн жеке каражаттары, буюмдары, ошондой эле уюлдук телефону табылган. Мындан тышкары, тыюу салынган заттар, анын ичинен баңгизат чыккан.
Мындан улам Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана колго түшүрүү үчүн УКМК менен ИИМ тарабынан "Перехват" планы жарыяланган болчу.
Ал эми 11-февралда Досонов кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.
22 Бештин айы 2021, 16:37