00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Башканы коюп Манасты айт! Окуучулар арасында Манас айтуу боюнча сынак өтөт

© пресс-служба мэрии города БишкекМанас айтып жаткан бала. Архив
Манас айтып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Кароо-сынакка 44 райондон тандалган 200 мектеп окуучусу катыша турган болду. Тандоо туру 19-декабрда өткөн.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эртең, 25-декабрда, "Манас" эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын финалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.
Анын айтымында, конкурстун тандоо туру аймактарда 19-декабрда болгон. Бул ирет сынак балдар жана кыздардын арасында өз-өзүнчө өтмөкчү.
"1-6-класстын окуучулары "Сейтек" билим берүү мектебинде, ал эми 7-11-класстар "Айчүрөк" кыздар лицейинде таймашат. Иш-чарага Назаркул Сейдарахманов, Дөөлөт Сыдыков баштаган белгилүү манасчылар калыстык кылат. Сынактын байге фонду — 150 миң сом", — деди Талантбеков.
Конкурска 44 райондон тандалган 200 мектеп окуучусу катыша турган болду. Тандоо туру 19-декабрда өткөн.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор, мамлекеттик "Манас" театры, манасчылар уюму жана "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулууда.
Манасчи Рысбай Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Радио
Исаков: мамлекет башындагылар "Манас" эпосунан сабак алышы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0