https://sputnik.kg/20211225/kumbre-vekha-vulkanynyn-ocho-bashtagany-aytyldy-1060738107.html
Өчүп бараткан вулканды дал үстүнөн көрдүңүз беле? Кызыктуу видео
Өчүп бараткан вулканды дал үстүнөн көрдүңүз беле? Кызыктуу видео
Sputnik Кыргызстан
Быйылкы жылдын агрессиялуу, көп чыгым тарттырган жанар тоолорунун бири, Ла-Пальма аралындагы Кумбре-Вьеха акыры жоошугандай. 25.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-25T22:34+0600
2021-12-25T22:34+0600
2021-12-25T22:34+0600
дүйнөдө
окумуштуулар
испания
вулкан
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/19/1060733543_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_80a6bdc20ee27bc982973e9a5185ebba.jpg
Интернетте "от бүрккөн" ажыдаардын дал үстүнөн тартылган, түтөп, карарып жана кыймылсыз, кээ бир жеринде силкинип жаткан видеосу тарады.Бул кадрлар Испаниянын геология жана тоо иштери боюнча институту тарабынан тартылган. Андагы видеого караганда, жанар тоо акырындап өчүп бара жаткандай.Испаниялык ЖМКлар жергиликтүү бийлик жакын арадан тарта аралды калыбына келтирүү иштерине киришкенин жазды.Ла-Пальмада аба да акырындап жакшыра баштаганы айтылды. Маалыматта анткен менен аймактарда баары бир көмүр кычкыл газы, ис көйгөйү байкалып турары жазылган.Гряда Кумбре-Вьеха ошол аймактагы Ла-Пальма аралында (Канар аралдарынын ичинен) эң активдүү жана көптөрдүн тынчын алып, түйшүккө салган вулкан болду.Окумуштуулардын айтымына караганда, анда-мында ал баары бир от бүркүп турат жана жердин кээ бир учурда термелгени да байкалууда. Адистер бул жанар тоонун активдүү фазасынын аякташы экендигин билдиришкен.Канар аралындагы от менен жалын болуп атылып жаткан Кумбре-Въеха 2021-жылдын 19-сентябрында ойгонгон. Ал 40 күнгө жакын мезгил ичинде 900 гектарга чукул жерди каптаган. Учурда ал ошол жерде жашагандар менен жергиликтүү бийликтин баш оорусу болгон. Вулкандын кооптуулугунан улам жети миңге чукул адам аталган аймакты таштап чыгып кеткен.
https://sputnik.kg/20211103/toptoy-too-yldiy-togolongon-lavanyn-videosu-1054460649.html
испания
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Вулкан Кумбре-Вьеха успокаивается и затухает - завораживающее видео с высоты
Sputnik Кыргызстан
Один из самых агрессивных вулканов этого года - Кумбре-Вьеха на острове Ла-Пальма, который извергался на протяжении нескольких последних месяцев, похоже, начинает успокаиваться.
2021-12-25T22:34+0600
true
PT1M42S
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/19/1060733543_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_21941e2c4c50682a4a217241e297a8d3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, окумуштуулар, испания, вулкан, видео
дүйнөдө, окумуштуулар, испания, вулкан, видео
Өчүп бараткан вулканды дал үстүнөн көрдүңүз беле? Кызыктуу видео
Быйылкы жылдын агрессиялуу, көп чыгым тарттырган жанар тоолорунун бири, Ла-Пальма аралындагы Кумбре-Вьеха акыры жоошугандай.
Интернетте "от бүрккөн" ажыдаардын дал үстүнөн тартылган, түтөп, карарып жана кыймылсыз, кээ бир жеринде силкинип жаткан видеосу тарады.
Бул кадрлар Испаниянын геология жана тоо иштери боюнча институту тарабынан тартылган. Андагы видеого караганда, жанар тоо акырындап өчүп бара жаткандай.
Испаниялык ЖМКлар жергиликтүү бийлик жакын арадан тарта аралды калыбына келтирүү иштерине киришкенин жазды.
Ла-Пальмада аба да акырындап жакшыра баштаганы айтылды. Маалыматта анткен менен аймактарда баары бир көмүр кычкыл газы, ис көйгөйү байкалып турары жазылган.
Гряда Кумбре-Вьеха ошол аймактагы Ла-Пальма аралында (Канар аралдарынын ичинен) эң активдүү жана көптөрдүн тынчын алып, түйшүккө салган вулкан болду.
Окумуштуулардын айтымына караганда, анда-мында ал баары бир от бүркүп турат жана жердин кээ бир учурда термелгени да байкалууда. Адистер бул жанар тоонун активдүү фазасынын аякташы экендигин билдиришкен.
Канар аралындагы от менен жалын болуп атылып жаткан Кумбре-Въеха 2021-жылдын 19-сентябрында ойгонгон. Ал 40 күнгө жакын мезгил ичинде 900 гектарга чукул жерди каптаган. Учурда ал ошол жерде жашагандар менен жергиликтүү бийликтин баш оорусу болгон. Вулкандын кооптуулугунан улам жети миңге чукул адам аталган аймакты таштап чыгып кеткен.
3 Жетинин айы 2021, 11:03