Ысык-Көлдө өрттөн каза болгон үч бөбөк. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
12:13 30.12.2021 (Жаңыртылды: 12:14 30.12.2021)
© Фото / пресс-служба МЧСКаракол айылында болгон өрт
© Фото / пресс-служба МЧС
Жазылуу
Балдардын ата-энеси ошол күнү төрт баласы менен үйдө болгонун, эки баласы мектепке кеткенин айтышкан.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Каракол айылында каза болгон үч бала боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди.
Эске салсак, 29-декабрь күнү Ак-Суу районунун Каракол айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 3, 5 жана 6 жаштагы бөбөктөр көз жумган. Өрт саат 16:20да чектөөгө алынып, 22:33тө гана толук өчүрүлгөн. Жалпы жонунан 105 чарчы метрлик аянт күйүп кеткен.
© Фото / пресс-служба МЧС
29-декабрь күнү Ак-Суу районунун Каракол айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 3, 5 жана 6 жаштагы бөбөктөр көз жумган
1/3
© Фото / пресс-служба МЧС
29-декабрь күнү Ак-Суу районунун Каракол айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 3, 5 жана 6 жаштагы бөбөктөр көз жумган
© Фото / пресс-служба МЧС
Жалпы жонунан 105 чарчы метрлик аянт күйүп кеткен
2/3
© Фото / пресс-служба МЧС
Жалпы жонунан 105 чарчы метрлик аянт күйүп кеткен
© Фото / пресс-служба МЧС
Учурда экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
3/3

Милициянын маалыматына караганда, аларга саат 16:35те өрттөн балдар жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган тергөөчүлөр өрт 35 жаштагы И.В. аттуу жарандын чөп сакталган гаражынан чыгып, жалын турак үйгө жармашканын аныкташкан. Анын кесепетинен үч бала каза тапкан.
Балдардын ата-энеси ошол күнү төрт баласы менен үйдө болгон, эки баласы мектепке кеткен.
"Кичинекей балдар үйдүн кире беришинде ойноп жатышкан. Ал эми ата-энеси ашканада телевизор көрүп отурушкан. Сыртта жүргөн 20 жаштагы баласы гаражда өрт чыкканы тууралуу кыйкырган соң жалын үйдүн кире беришине жармашып, аял-күйөөсү балдары ойноп жаткан бөлмөгө кире албай коюшкан. Алар өздөрү коңшуларынын жардамы менен терезеден эптеп чыгышкан", — дешти милициядан.
Учурда экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.