00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Футболчу Мирлан Мурзаев индиялык командасы үчүн кезектеги голун киргизди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архивное фото
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Жазылуу
Беттеште кыргызстандык спортчу голдон тышкары голдук пас чыгарып берген. Бирок бул анын командасына жеңишти камсыздоого жетиштүү болгон жок.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индиянын "Ченнаи" клубу үчүн кезектеги голун киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунун маалымат кызматы Instagram баракчасына жазып, видеосун чыгарды.
Өлкө чемпионатынын кезектеги турунда "Ченнаи" жана "Бангалор" клубу кез келген. Мурзаев беттештин төртүнчү эле мүнөтүндө ийгилик жаратты.
Алыстан тебилген топту ал шамалдай кубалап жетип, артынан келген коргоочуну буйтап өтүп, экинчисин кыймылы менен алдап туруп, дарбазанын ачык калган жеринен гол киргизди. Ал эми экинчи бөлүктүн баш ченинде командалашына голдук пас берди.
Деген менен мындай ийгилик команданын жеңишти камсыздоосуна жетиштүү болгон жок.
Таймаш 4:2 эсеби менен атаандаштын пайдасына аяктаган.
Кыргыз спортчусу өткөн турдагы оюнда да мыкты гол киргизген.
Эске салсак, Мирлан Мурзаев "Ченнаи" клубуна 2021-жылдын август айында өткөн.
Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0