00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президенттер бош кезде эмне кылат? КМШ ажолорунун хоббиси

© Sputnik / пресс-служба президента КР / Евгений БиятовКМШ мамлекеттеринин президенттери. Архивдик сүрөт
КМШ мамлекеттеринин президенттери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
Мамлекеттик жогорку кызматтар адамга сайрандап жүрүүгө көп убакыт калтырбасы белгилүү. Бирок дүйнө лидерлери мээ сергитип, энергия топтош үчүн көңүлүнө жаккан иштерди кылууга убакыт табышат

Ильхам Алиев жакындарынан энергия топтогонго аракет кылат

© Фото / Официальный сайт президента АзербайджанаАзербайжандын президенти Ильхам Алиев
Европейские игры-2015 в Баку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев
Азербайжанды 19 жылдан бери башкарып келе жаткан Ильхам Алиев өтө берилген хоббиси жок экенин айтат. Бирок маектеринин биринде эмгегинин үзүрүн көргөндө канат байлап ырахат аларын билдирген. Ал эми бош убактысынын бардыгын үй-бүлөсүнө арнап, жакын адамдары менен болуудан энергия аларын кошумчалаган.

Пашинян тил үйрөнгөндү жакшы көрөт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрмениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян
Президент РФ В. Путин встретился с премьер-министром Армении Н. Пашиняном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян
Арменияда тышкы саясат менен президент Армен Саркисян эмес, өкмөт башчы Никол Пашинян алектенет. Андыктан биз премьердин хоббиси тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Ал чет тилдерди үйрөнгөндү жакшы көрөт. Мекендештерин дагы ушуга үндөп келет. Мурдагы жылдары өкмөт башчы аптасына эки ирет орус, англис жана француз тилдерин өздөштүрөрү айтылып жүрчү. Азыр ачык булактарда Пашиняндын бул үч тилде тең эркин сүйлөөрү маалымдалат.

Лукашенко спорттун бир нече түрү менен алектенет

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүБеларусь лидери Александр Лукашенко
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Сочи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Беларусь лидери Александр Лукашенко
Беларусь лидеринин спорттун бир нече түрүнө кызыгары айтылат. Маалымат катчысынын билдиргенине караганда, президент кышкысын дээрлик күн сайын хоккей ойноп, лыжа тебет. Ал эми жайкысын футбол ойногонду жактырат.
Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, ал жаш кезинде футбол менен олуттуу алектенген, бирок тизесинен жаракат алган соң спорттун бул түрүнөн баш тартууга мажбур болгон.

Касым-Жомарт Токаев теннис ойногонду жактырат

Хоббиси спорт тармагына тиешелүү президенттердин бири Казакстандын учурдагы лидери Касым-Жомарт Токаев. ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, ал жаш кезинен эле тенниске кызыгат. Ал тургай бир нече жыл бою Казакстандын Стол үстүндө ойнолчу теннис федерациясын жетектеген.

Садыр Жапаров футболду жакшы ойнойт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Дружеский футбольный турнир, посвящённый 100-летию кыргызского футбола - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Буга чейин КР өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров китепти көп окуйт, айрыкча, тарыхый чыгармаларга басым жасайт. Мындан тышкары, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат. Ал эми спорт жагынан футбол менен сууда сүзүүнү жактырат.
Футболду жакшы ойной турганын ал 17-декабрь күнү Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата турнирде көрсөттү. Мелдеште Жапаров президенттик администрациянын командасында ойноп, 9 гол киргизип мыкты чабуулчу аталды.

Жеке турмушун ачыктабаган Майя Санду

© Sputnik / Михай Карауш / Медиабанкка өтүүМолдованын президенти Майя Санду
Пресс-конференция избранного президента Молдавии М. Санду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Молдованын президенти Майя Санду
Молдованын президенти Майя Санду өзү жеке турмушу тууралуу көп айта бербейт. Андыктан анын хоббиси, бош убактысында алек болгон нерселери тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Көп кырдуу Владимир Путин

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Отдых президента РФ В. Путина в Сибири - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Россиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путиндин хоббилери тууралуу көпчүлүккө белгилүү. Ал спорттун бир канча түрүн, балык уулоону, ар түрдүү техниканы башкарганды жакшы көрөт.
Мындан тышкары, маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, тарыхый китептерди көп окуйт.
Баса, көпчүлүк президенттерден айырмаланып, Путиндин эс алуусу, көңүл ачуусу боюнча фото жана видеоматериалдар абдан көп. Алардын айрымдарынан президентти башка аткаминерлер коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Чуркаганды сүйгөн Эмомали Рахмон

КМШдагы эзелки президенттердин бири Эмомали Рахмон чоң теннисти жактырат. Атүгүл бир кезде Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду утуп алган жайы бар. Ал эми акыркы жылдары чуркоого басым жасап калганы белгилүү. Жыл сайын Чуркоо күнүндө спортчулар менен бир нече чакырымды басып өтөрү дагы маалым.

Өзүн ар тармакта сынаган Бердымухамедов

© AFP / IGOR SASINТүркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов
Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов верхом на коне ахалтекинской породы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов
Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов дагы көп нерсеге кызыгып, өзүн ар тармакта көрсөтүп келет. Мисалы, ат мингенди жана китеп жазганды жакшы көрөт. Музыкага дагы абдан жакын. "Улут башы" бир нече жылдан бери гитарада ойноп, диджейлик өнөрү менен таң калтырган. Буга чейин анын калемине таандык ырды бир маалда 4 166 адам аткарып, Бердымухамедов Гиннес китебине да кирген жайы бар.

Үй-бүлөлүк балуулуктарды мамлекеттик саясатка айландырган Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин хоббиси тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе.
Буга чейин кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына орозо алдында атасы үй-бүлөсү үчүн палоо басып жаткан сүрөтүн жарыялаган.
Албетте, бул нерсе президент тамак даярдоону жакшы көрөт деп так кесе айтууга жол бербейт. Бирок Мирзиёев бош убактысын жакындарына арнаарын анын өз элине жасаган кайрылуусунан жана жарлыктарынан байкаса болот.
Ушул күнгө чейин өзбек лидери мамлекеттик кызматкерлер үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурушу үчүн дем алыш күндөрү жумушка келүүсүнө тыюу салып, зарылдыгы жок отчет берүү жана маалымат алуулардын санын кыскартууну тапшырган. Жакында эле жарандарынын туугандары менен бирге саякаттоосу үчүн эмгек өргүүнүн жаңы түрүн мыйзам менен бекитип берди.
Эркиндик бульварында бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Кыргызстандыктар бош убактысында эмне менен алектенет? Кызыктуу статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0