Хоккей боюнча улуттук курама команда Евразия чемпиону болду. Сүрөт
18:34 10.01.2022 (Жаңыртылды: 18:35 10.01.2022)
© Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спортаХоккей боюнча улуттук курама командасы
![Хоккей боюнча улуттук курама командасы Хоккей боюнча улуттук курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061137279_0:200:1080:808_1920x0_80_0_0_ca3a3de2491c6c0ba67659449cb81854.jpg)
© Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта
Жазылуу
Кыргызстан Түркия, Болгария жана Босния-Герцеговинанын курама командалары менен беттешип, үчөөнү тең уткан.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти билдирди.
© Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спортаКыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи
![Чемпионат Евразии по хоккею среди среди молодежных команд Чемпионат Евразии по хоккею среди среди молодежных команд - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061137275_0:0:1280:958_1920x0_80_0_0_ad0aad44e9c6432d0ae6e549c2bf5d5b.jpg)
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи
© Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта
Мелдеш 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцеговинанын коммандалары катышты.
Топтор бири-бири менен беттешип, Кыргызстан бардык үч оюнда тең жеңүүчү болгон. Алгачкы оюнда Болгария курама командасын 7:5 эсебинде, жарым финалда Түркияны 7:5 упай менен жеңген. Ал эми финалдык беттеште Босния-Герцеговина менен ойноп, 5:2 эсеби менен уткан.