https://sputnik.kg/20220110/omikron-bala-kooptuuluk-1061120466.html
Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү
Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
Медик "омикрон" штаммынын белгилери баарында окшош болорун, көбүнчө тамак оорутуп, чыйрыктырып, алсыратарын кошумчалаган. 10.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-10T11:02+0600
2022-01-10T11:02+0600
2022-01-10T11:03+0600
индия
бала
оору
коронавирус
белги
"омикрон" штаммы
https://sputnik.kg/img/07e6/01/09/1061114835_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_48f165c12a2e98d41236d3c41f91e682.jpg
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Балдар чоңдорго салыштырмалуу тез дем алгандыктан, коронавирустун "омикрон" штаммы алар үчүн кооптуу. Бул тууралуу индиялык окумуштуулардын айтымына таянып РИА Новости жазды. Нью-Делидеги Балажи Экшн медициналык институтунда иштеген дарыгер Анимеш Арьянын айтымында, балдар тез дем алгандыктан, алар абадагы биологиялык агенттерге сезгич келет.Медик "омикрон" штаммынын белгилери бардык адамдарда окшош эле болорун белгилеген."Коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын тамагы ооруп, чыйрыгып, чарчайт. Мындан улам ата-энелер балдарын эки жакка көп чыгарбай, үйдө кармашы шарт. Алардын тамактануусуна да жакшылап көңүл бөлүшү керек", — деди адис.Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Пандемия башталгандан бери бул мамлекетте 35,5 миллион адамдан оору аныкталган.
https://sputnik.kg/20220109/omikron-shtammy-belgileri-1061093652.html
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/09/1061114835_119:0:2850:2048_1920x0_80_0_0_6c3b814478439c8b4efdf2403222750e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
индия, бала, оору, коронавирус, белги, "омикрон" штаммы
индия, бала, оору, коронавирус, белги, "омикрон" штаммы
Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү
11:02 10.01.2022 (Жаңыртылды: 11:03 10.01.2022) Медик "омикрон" штаммынын белгилери баарында окшош болорун, көбүнчө тамак оорутуп, чыйрыктырып, алсыратарын кошумчалаган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Балдар чоңдорго салыштырмалуу тез дем алгандыктан, коронавирустун "омикрон" штаммы алар үчүн кооптуу. Бул тууралуу индиялык окумуштуулардын айтымына таянып
РИА Новости жазды.
Нью-Делидеги Балажи Экшн медициналык институтунда иштеген дарыгер Анимеш Арьянын айтымында, балдар тез дем алгандыктан, алар абадагы биологиялык агенттерге сезгич келет.
"Балдардын дем алуу органдарынын жолдору чоңдордукуна караганда кичинекей. Коронавирустун жаңы түрү негизинен дем алуу органынын жогору жагын (мурун, тамак) жабыркатат. "Омикрон" штаммы чоңдорго караганда балдарда көбүрөөк көйгөй жаратышы ыктымал. Бирок өлүмгө кептебейт", — деген Арья.
Медик "омикрон" штаммынын белгилери бардык адамдарда окшош эле болорун белгилеген.
"Коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын тамагы ооруп, чыйрыгып, чарчайт. Мындан улам ата-энелер балдарын эки жакка көп чыгарбай, үйдө кармашы шарт. Алардын тамактануусуна да жакшылап көңүл бөлүшү керек", — деди адис.
Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Пандемия башталгандан бери бул мамлекетте 35,5 миллион адамдан оору аныкталган.