00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касымов: мартта аялдардын бизнес-форуму өтөт

© Sputnik / Асель СыдыковаСоода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов
Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов 2-4-март күндөрү аялдардын эл аралык күнүнө карата орус-кыргыз II бизнес-форуму Бишкекте өтөрүн айтты.
Аталган бизнес-форум алгач февраль айына пландалган. Бирок катышууга Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн да өкүлдөр чакырылып жатканына байланыштуу, биринчиден, кошуна өлкөдөгү абалдын турукташуусун эсепке алып, экинчиден, аялдардын эл аралык майрамын утурлай өткөрөлү деп чечтик. Бул тууралуу Роман Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Касымов: мартта аялдардын бизнес-форуму өтөт
Анын айтымында, форумга тигүүчүлүк бизнесин өнүктүрүүгө басым жасалып, ишкерликтин ушул түрү менен алектенген аялдар катышат.
"Мезгил өткөн сайын ишкерликте аялдар басымдуулук кыла баштады. Буга коомчулуктун да көз карашы өзгөрүп, бир эле бизде эмес, алсак, Россияда да ишкер аялдарга болгон түрдүү мамлекеттик колдоолор бар. Кыргызстанда аялдар көбүнесе тигүүчүлүк тармагында башка өлкөлөрдөн ири тапшырыктарды алып ушул багытта иштөө менен алектенишет. Муну биз былтыр октябрь айында Кыргызстандын аялдар конгресси жана Соода өнөр-жай палатасы менен биргеликте өткөргөн биринчи бизнес-форумда байкаганбыз. Мартта да ушул эле багытты тереңдетип, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен да тигүүчүлүк багытта бизнес жасаган аялдарды чакырып жатабыз. Коронакризис учурунда так ушул аялдар жүргүзгөн бизнес түрлөрү туруктуулугун көрсөтүп, бат калыбына келип жана айрымдары дээрлик чыгымга учурабай иштеп кете алышты. Мындан улам биз өлкөдө ишкерлик жүргүзүүдө аялдарды колдошубуз керек деген тыянакка келдик", — деди Касымов.
Ал соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда текстиль ишкерлиги боюнча тыгыз байланыштар түзүлүп келе жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0