00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өтө кызганчаак адамдын тилин таап жашоого болобу? Психологдун жообу

© AFP / SEBASTIEN BOZONКол кармашып бараткан түгөй. Архив
Кол кармашып бараткан түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Жазылуу
Адис адамдын өзүнө ишенбестиги сөзсүз түрдө кызганууну жаратарын айтып, кандай болсо өзүн ошондой кабыл алууга үйрөнүшү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Психолог Бермет Наралиева кызганчаак адамдын тилин табуунун жолун жана бул сапаттан кантип арылса болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде түшүндүрүп берген.
© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог Бермет Наралиева
Психолог, доцент кафедры психологии КНУ Бермет Наралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Психолог Бермет Наралиева
Адис баары каалоодон көз каранды экенин айтып, адам менен бир пикирге келүүгө болорун белгилеген. Ошондой эле кызганычты кантип жеңүү керектигин түшүндүргөн.
"Бул сезимди адам өзү жаратат. Түгөйү кызганууга эч кандай жол бербей татынакай жүрсө деле аңдып, шекшип, күмөнү күчөп, ичинен ар кандай сценарийлерди түзүп алгандар болот. Бул — олуттуу психологиялык илдет. Кызганчаак аялбы же эркекпи, ал өз оюнун, драмасынын автору. Жашоодо ишеним деген чоң күч бар. Эгер адам түгөйүнө ишенип, шектене бербей башындагы таштандыдан арылса, бакубат, тынч өмүр сүрүшү мүмкүн. Оюн, эмоциясын көзөмөлдөй албаган адам өмүрлүк жарын акыры көчөдөгү зым карагайдан деле кызганып калышы ыктымал. Чектен ашкан кызганчаактыктын түбү балалыктан алган жараатына да байланыштуу. Же жеке өзүнө берген баасынын төмөндүгүнөн болот. Ата-бабалар "тең-теңи менен, тезек кабы менен" деп бекер айтпаган, ар бир адамдын өмүрлүк жары билими, интеллекти, аң-сезими боюнча да түгөйүнө тең келе турган деңгээлде болсо кызганыч чектен ашпайт", — деген психолог.
Наралиева адамдын өзүнө ишенбестиги сөзсүз түрдө кызганууну жаратарын айтып, кандай болсо өзүн ошондой кабыл алууга үйрөнүшү керектигин белгилеген. Анын айтымында, өзүн баалаган, жакшы тааныган адам ашыкча кызганбай калат.
Эркек менен аял уруш учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Адам эмнеден улам кызганчаак болуп калат? Психологдун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0