https://sputnik.kg/20220123/akyn-bolotbek-nazarov-koldoochular-miting-1061461282.html
Төкмө акындар кесиптеши Болот Назаровду колдоп митингге чыгышты. Видео
Төкмө акындар кесиптеши Болот Назаровду колдоп митингге чыгышты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Болотбек Назаров кечээ, 22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган. 23.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-23T16:08+0600
2022-01-23T16:08+0600
2022-01-23T16:11+0600
милиция
акын
митинг
болот темиров
болотбек назаров
https://sputnik.kg/img/103119/63/1031196386_0:169:1620:1080_1920x0_80_0_0_037f2b890dd1dab53616b3eb455dbe3e.jpg
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төкмө акын Болотбек Назаровду бошотуу талабын койгондор Бишкек ШИИБинин имаратынын алдына митингге чыгышты.Алардын арасында Назаровдун кесиптештери, төкмө акындар чогулган элдин алдында ырдап жатышат.Эске салсак, Назаров кечээ, 22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.Буга чейин Бишкек милициясынан Болот Темиров менен Болотбек Назаров А.А. аттуу жарандын кайрылуусунан улам колго түшүрүлгөнүн айтышкан.Маалыматка караганда, КР Жазык кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгон.Болот Назаров Бишкектеги Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган учурда жанында 8,69 грамм нашаа болгонун милициядан билдиришкен.Бүгүн, 23-январда, журналисттин баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Анын эркиндигин талап кылган активисттер менен журналисттер эртең менен Бишкек жана Ош шааларында нааразычылык акциясына чыгышкан.
https://sputnik.kg/20220123/kamchybek-tashiev-bolot-temirov-tuuraluu-1061453250.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103119/63/1031196386_177:0:1617:1080_1920x0_80_0_0_d59918dd08878019cd1340248212c458.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
милиция, акын, митинг, болот темиров, болотбек назаров
милиция, акын, митинг, болот темиров, болотбек назаров
Төкмө акындар кесиптеши Болот Назаровду колдоп митингге чыгышты. Видео
16:08 23.01.2022 (Жаңыртылды: 16:11 23.01.2022) Болотбек Назаров кечээ, 22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төкмө акын Болотбек Назаровду бошотуу талабын койгондор Бишкек ШИИБинин имаратынын алдына митингге чыгышты.
Алардын арасында Назаровдун кесиптештери, төкмө акындар чогулган элдин алдында ырдап жатышат.
Эске салсак, Назаров кечээ, 22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.
Буга чейин Бишкек милициясынан Болот Темиров менен Болотбек Назаров А.А. аттуу жарандын кайрылуусунан улам колго түшүрүлгөнүн айтышкан.
Маалыматка караганда, КР Жазык кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгон.
Болот Назаров Бишкектеги Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган учурда жанында 8,69 грамм нашаа болгонун милициядан билдиришкен.
Бүгүн, 23-январда, журналисттин баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде
бошотулган. Анын эркиндигин талап кылган активисттер менен журналисттер эртең менен Бишкек жана Ош шааларында
нааразычылык акциясына чыгышкан.