Болот Темировду колдогондор Бишкек менен Ошто митингге чыкты. Видео, сүрөт
Болот Темировду колдогондор Бишкек менен Ошто митингге чыкты. Видео, сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында чогулгандар ИИМ имаратынын алдында, ал эми Оштун тургундары Султан Ибраимов атындагы драма театрынын жанындагы Журналисттер аллеясында турушат. 23.01.2022, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Журналист Болот Темировду колдогондор Бишкек жана Ош шаарларында нааразычылык акцияларына чыгышты.Бишкек шаарында чогулгандар ИИМ имаратынын алдында турушат. Ал эми Оштун тургундары Султан Ибраимов атындагы драма театрынын жанындагы Журналисттер аллеясына чыгышты.Тынчтык митингине коомдук активисттер жана журналисттин башка ЖМКлардагы кесиптештери чогулган.Алар Темировдун бошотулушун талап кылып жатышкан. Ошол учурда Бишкек милициясынан Темирдин эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде чыгарылганын маалымдады.Кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн ага карата КР Жазык кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") беренесине ылайык кылмыш иштери козголгонун айтышты.
Бишкек шаарында чогулгандар ИИМ имаратынын алдында, ал эми Оштун тургундары Султан Ибраимов атындагы драма театрынын жанындагы Журналисттер аллеясында турушат.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Журналист Болот Темировду колдогондор Бишкек жана Ош шаарларында нааразычылык акцияларына чыгышты.
Бишкек шаарында чогулгандар ИИМ имаратынын алдында турушат. Ал эми Оштун тургундары Султан Ибраимов атындагы драма театрынын жанындагы Журналисттер аллеясына чыгышты.
Тынчтык митингине коомдук активисттер жана журналисттин башка ЖМКлардагы кесиптештери чогулган.
Кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн ага карата КР Жазык кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") беренесине ылайык кылмыш иштери козголгонун айтышты.