Бишкектин чок ортосун көрктөндүрүү планы жарыяланды. Эскиз
19:31 24.01.2022 (Жаңыртылды: 19:37 24.01.2022)
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун эскизи
![Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун эскизи Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474713_0:0:1217:685_1920x0_80_0_0_a443cc7239f9e9d1755fece5ef0bf6a8.jpg)
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Жазылуу
Башкы аянтка кышкысын коньки, жайында ролик, скейтборд тебүү жана башка оюндардын аянтчасын түзүү сунушталган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси борбор калаанын чок ортосун кооз жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу кылып жасалгалоо планын жарыялады.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474724_0:0:1413:795_1920x0_80_0_0_1cc18929c54a0786ce8c9b7ee9803b67.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Анда "Ала-Тоо" аянты көзгө жагымдуу жана кызыктуу болушу үчүн бак-дарактарды отургузуп жашылдандырып, автоунаа токтотуучу жайларды алып жаңы функцияларды жайгаштыруу ниети айтылат. Ошондой эле кышкысын коньки, жайында ролик, скейтборд тебүү жана башка оюндардын аянтчасын түзүү сунушталган.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474741_0:0:1427:803_1920x0_80_0_0_4ff9b7b0960b6d7e01acf8965c2ff82e.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Фонтандарды заманбап түрүнө алмаштырып, арчаларды отургузуп, келечекте жаңы жылда пластмасса конструкциялардын ордуна ошолорду кооздосо болору жазылган.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474759_0:0:1427:803_1920x0_80_0_0_04d40636e615a93f458ff464de12d19c.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Унаа токтотуучу жайдын ордуна дарактарды отургузуп, теннис аллеясын негиздөө каралган. Ал эми автоунаалар үчүн жер астына токтотмо куруу пландалып жатат.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474727_0:0:1427:803_1920x0_80_0_0_6de00bd28c746916ec7eb8569b3d2c1c.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Аны менен жөө басууга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жолдордун планын өзгөртүү камтылган.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474738_0:0:1427:803_1920x0_80_0_0_49db9df1bcc634e455180a6f8f8de0e0.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Мындан сырткары, "Бишкек башкы архитектура" жарнамалык щиттер менен баннерлер, афишалар алынышы керектигин белгиледи.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474748_0:0:1429:804_1920x0_80_0_0_c428739c3eb65f2884b624fe87f3847f.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Аталган долбоор министрлер кабинетине көрсөтүлүп колдоо тапканы айтылды. Бирок масштабдуу иштер качан башталары жана канча каражат жумшалары белгисиз.
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
![Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке Проект ревитализации площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/01/18/1061474796_0:0:1429:804_1920x0_80_0_0_376cf4d75b51a172df29955b3bc217e9.jpg)
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун планы
© Фото / МП "Бишкекглавархитектура"
Мекеме андан кийинки кезекте Эмен паркын, эски аянтты жана Эркиндик проспектин жакшыртуу планы турганы кошумчалады.